Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Аалиев иш жүзүндө Эркебек Аширходжаев менен Азамат Жумабаевди каматабы?

Улан Аалиев иш жүзүндө Эркебек Аширходжаев менен Азамат Жумабаевди каматабы?

23-июнь, 16:36
759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Полковник Улан Аалиев ак жеринен камалып, түрмөдө да жатып, бир топ азапты, адилетсиздикти көрүп чыкпадыбы. Акыры Жогорку соттон акталып, кызматын кайрып, Свердлов РИИБнин начальнигине дайындалган. Бирок, ал күрөш бүтө элек экенин айтып келет. Мыйзамсыз камакка алдырган ИИМдин орун басары Эркебек Аширходжаев менен тергөө башкармалыгынын начальниги Азамат Жумабаевди жазага тарттыруунун үстүндө иштеп атканы эч жашыруун эмес. Эми оңдой берди болуп, Улан Аалиевдин досу Малик Бектурганов башкы прокурордун орун басарлыгына дайындалбадыбы. Архивди көтөрүү таризинде дыкат териштирүү, кызматтык иликтөө жүрсө, Эркебек Аширходжаев менен Азамат Жумабаевдин кыянаттыгы оркоюп, Улан Аалиевдин жазыксыз камалганы ачыкталабы? Башкы прокуратура мыйзам үстөмдүгү, адилеттүүлүк үчүн чындап киришсе, кызмат абалынан кыянат пайдалануу өңүтүндөгү бир катар кылмыштардын беттерин ачабы? Күнөөсүз начальникти күчкө салып каматып жиберген ИИМдин орун басарын башкы прокуратура оңой эле калчайт го? Ооба, жигердүүлүгү жарашса... 

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер