Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмдү сүйөм, аны жоготуудан өтө корком, жакында аны жоготуп алам, билип турам...

Күйөөмдү сүйөм, аны жоготуудан өтө корком, жакында аны жоготуп алам, билип турам...

27-январь, 11:59
2 406 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абаддан болобуз. Күйөөм ата-энесин да, мени да, эч кимди укпай калды. Ал жашынан эле көчөдө мушташып жүргөн бала болчу. Аны көп укчумун. Ошентсе да жактырып, ага турмушка чыккам. Башында билинген эмес. Кийин өкүл атабыз “чёрный” болуп чыкты. Достору да өзүнө окшогон балдар. Күйөөмдү баары тааныйт, ырчы-куудулу баары “укам” деп сыйлап турушат. Бирок күйөөмдү сүйөм, аны жоготуудан өтө корком, жакында аны жоготом, билип турам. Себеби, азыр “каралардын” баары кармалып, камалып жатат. Анын арасында өкүл атабыз да бар. Ал камалып кетери менен күйөөм өзүнчө эле баш көтөрдү. Ага чейин эч нерсеге аралашпай, жөн эле сүйлөшүп жүрчү. Азыр такыр башка адамга айланды. Мага да көңүл бурбай калды, “сен кимсиң? Бүгүн барсың, эртең жоксуң. Мага аралашпа, кетсең кет. Мен артка кайтпайм” деп көгөрүп жатат. Кандай кылам, айтыңыздарчы? 

Гүлсана

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер