Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күлия Токтосунова: “Бактылуу турмушубуз бир заматта быркырады”

Күлия Токтосунова: “Бактылуу турмушубуз бир заматта быркырады”

19-июль, 23:21
1 626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

9-июль күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы–Кочкор жолунда “Фольксваген Пассат” жана жүк ташуучу “Шахман” унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жеңил унаада алты адам бар болчу. Үчөө ошол жерден жан берип, үч бала учурда ооруканада. Кырсыктын кесепетинен бир үй-бүлө бүтүндөй талкаланып, кыйын күнгө туш болду. 

-- Күлия апа, уулуңуз балдарын салып алып кайда баратты эле?

-- Балыкчыдан алыс эмес жерде Таш-Сарай деген дача өңдөнгөн жер бар. Ал жакта өрүк тигип койгонбуз, тегерек-четин тосууга балдарды алып кеткен болчу. Жаан жаап, жумуш жасабай эле кайра үйгө кайткан жолдо кара басып кырсыкка кабылып отурат. 46 жаштагы уулум менен келиним, он эки жаштагы неберем ошол жерден мүрт кетиптир. Аларды эртеси жерге бердик. 8 жаштагы кызым, 18 жана 17 жаштагы небере балдарым оор абалда Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилди (ыйлап). Бир күндө үч сөөктү жерге берип, үч неберем менен жалгыз калдым. 

-- Кырсыкка ким күнөөлүү экен?

-- Окуя кандай болгонун, кырсыкка ким күнөөлүү экенин түшүнүп-түшүнбөй калдым. Кээ бири баламды “жүк ташуучу унааны сүзүп алды” дешти, айрымдары “башкача болгон” деп атышат. Азыр кырсыкты териштирүүгө чамам келген жок, баш-отум менен ооруканада болуп, неберелериме дары ташып атам.

-- Алардын абалы кандай?

-- 8 жаштагы неберемдин эки жамбашы чорт сыныптыр, ага ушул жума операция жасалат. 18 жаштагы небереме шаардан доктурлар келип, операция жасашты. Жүлүнү кысылып, омурткалары сыныптыр. Азыр комада, “ойгонсо экен” деп күнү-түнү тиленип отурам. 17 жаштагы неберемдин өпкөсүнө доо кетиптир. Катуу урунган өңдөнөт. Азыр ал операцияны көтөрө албагандыктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кичинекей кыз неберемди азыр палатага которушту. Улам ата-энесин, байкесин сурап атат. “Ооруканада” десек, “жаныма келип жаткыргыла” деп улам апасын сурайт. Же каза болгонун айта албай жанчылам. Үч балам тең ата-энесиз калганын билише элек.

-- Башка балдарыңыз жокпу?

-- Жок, жалгыз уулумду чоңойтуп, өстүрөм деп кара жанымды карч уруп келдим. Минтип, элүүгө чыкпай мени боздотуп таштап кете берди. Балыкчы шаарында унаа оңдоп иштечү. Элдин көбү ага кайрылар эле. Мындан он жыл мурда биринчи аялы астмадан каза болуп калган. Кенедей неберелерим менен калганбыз. Балдары бой тартканда экинчи жолу үйлөндү. Жаңыдан баш көтөрүп бутуна туруп, балдары чоңойгондо куурабадыбы. Балдарымдын өлгөнүн укканда кулагым укпай, тунуп калды. Нервден кетти окшойт, азыр жакшы сүйлөй албай, же укпай, кыйналып атам. Өзүмдүн ден соолугума деле кайылмын, эптеп балдарым айыгып кетсе болот эле. Үчөөнө тең бир жылга чейин төшөктөн турганга болбой турганын айтышты. 

-- Учурда кандай жардам керек болуп атат?

-- Азыр аптекага бир киргенде эле 5000-7000 сомдун дарысы кетип атат. Дагы уулумдун тели-теңтуштары жакшы жардам беришти, болбосо менде кайдагы акча? Биринчи топтогу майыпмын. Өткөндө неберемдин биринчи операциясына 600 доллар кетти. Аны тууган-достору каржылап берди. Азыр элден жардам сурап чыгууга аргасыз болдум. Балдарым үчүн колуңардан келген тыйын менен каралашсаңар жакшы болот эле. Мындан ары кантип, эмне күн көрөм? Билбейм... 



Күлия апанын Элсом номуру: 0700-09-06-21 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер