Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назаркул Ишекеевдин проректор болгону мыйзамсызбы?

Назаркул Ишекеевдин проректор болгону мыйзамсызбы?

06-ноябрь, 08:00
1 052 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорлугуна Догдурбек Чонтоев келгени башаламандык уланууда. Коррупция огобетер гүлдөдүбү? Билим берүү, илим изилдөө багытынын алкагындагы алгылыктуу иштер боюнча сөз жок. Баягы эле “басып жыгылмай, алып-жулмай” ыраатсыздыкта уланган кербезиби? Эмесе, бир мисалга токтололу. 

Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректорлугуна Назаркул Ишекеев кайра дайындалбадыбы. Бул жерде карама-каршы жагдай бар экен. 65 жаштан ашкандан соң (ал 70тен өткөн), КУУнун окумуштуулар кеңешинин макулдугу менен кызматы узартылары эске алынбай, ички уставды аттап өтүп, күчкө салуу менен “устуканды” жулуп алгандай болуптур. Жалпы коллектив нааразычылыгын билдиришүүдө. Кызыгы, таңгала турган аргументти карабайсыңарбы, Назаркул Ишекеев кочкорлук Акылбек Жапаровдун айылдашы экен. “Кол ийрисине тарткан” кесепеттин айынан мыйзамды да тебелеп, кыргызчасынан эле крелону минип ала береби? Ал эми ректор Догдурбек Чонтоевдин кайдыгерлигин, алысты көрө албаганын ушул көрсөткүчтөн эле баалайбызбы? “Эшегине жараша тушагы” дечү эле. Экөө бири-бирине куп жарашып калышканбы?.. 

Соңунда бизге жеткен дагы бир маалыматты суроо таризинде жолдоп коёлу. Назаркул Ишекеев мамлекеттик тил комиссиясын жетектеп турганда бюджеттен бөлүнгөн миллиондорду жеп кеткенби? Маанисиз китептерди чыгаруу менен чаргытып, “жең ичинен” өөнөп алганбы? Бул жагынан эсептөө палатасы чыгашаларды далилдесе, а эмне үчүн күч органдары маани бербей келишет? Олуттуу меселе бекен? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер