Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Салбыраган Оштун кызы” деп кайын журтум катуу кемсинтти...

“Салбыраган Оштун кызы” деп кайын журтум катуу кемсинтти...

17-февраль, 12:57
1 599 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Аңгеме) 

Менин жашым жыйырма бештен өтүп, кара далы кыз атанып бараттым. Анүстүнө менден эки жаш кичүү сиңдим турмушка чыгып, эки балалуу болуп калды. “Тигине, сенден жаш сиңдиң эки балалуу болуп калды. Качан турмушка чыгасың?” деген сөз ар бир жолуккан адам тарабынан айтыла берип чарчадым. Кесиптешим менен мамиле куруп калдым. Анын кулк мүнөзүн жакшы деле биле электе эле, ал адам негедир ишенимиме толо электе эле турмушка чыгууга колумду сурап калды. Менин дагы кулагымдын кужурун алып, шаштыра беришкендиктен макулдугумду бердим. 

Мен өзүм Оштун кызы элем. Кайын журтум Нарындан болуп, Нарынды көздөй кете бердим. Бирок баргандан эле “оштук” деп кайненем жактыра берген жок. Ага күйөөм да кошулат. Бирок бул менин тагдырым да. Турмушка чыккандагы, жаңы келиндик доорум бир топ оор болду. Жактырбай, кемсинтип, артымдан ар нерсе сүйлөп турушканына акыркы күндөрү көнүп да бүткөндөй болдум. Эки жылга жакын боюма да бүтпөй, суук көрүнүп бүттүм... Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бирок кош бойлуу болуп, уулдуу болдук. Уулум төрөлгөндөн кийин негедир башкача жашоону күткөм. Бирок мурдагы эле жашоо, супсак күндөр улана берди. Айрыкча кайненемдин “салбыраган Оштун кызы” деген куру асылуулары тажата баштады. Кайын журтумдун көзүн карап же өз алдымча жумуш да иштей албадым. Аябай жүдөп, чүнчүп кеткен соң Бишкекти көздөй келе бердим. 

Болгон энергия, күчүмдү салып иштеп баштадым. Күн санап турмушум оңолуп, өз алдымча жеке ишкерлик менен алектенүүгө ишкана ачып, кыздарды иштетип, кийип тиктирип, бат эле бутумдан туруп кеттим. Бир бөлмөлүү үйдү бир жыл аралыгында алууга жетиштим. Автоунаа алып, үйүмдү кеңейтип, күн санап Кудайга шүгүр, жашоом оңолуп келет. Мендеги бир гана жетишпестик – менин жалгыздыгым. Менден соң үч ирет үйлөнүп, бирок бакыт таба албаган күйөөм кайрадан колумду сурап, уулун көргүсү келгенин айтып, түрдүү шылтоолор менен каттачу болду. Мурдагы мүнөздөрүнүн бири жок. Гүл көтөрүп алып келчү болду. “Кутмандуу таң”, “Түнүң бейпил болсун” деп ж.б. каттарын тынбай жазат. Азыр эки ача ойдо турган кезим. “Кантсе да уулумдун өз атасы эмеспи” дейм. Кайра чүнчүгөн, басынган баягы күндөрүмдү эстейм... 


Гүлжамал Д.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер