Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдил Сегизбаев жанданып, Садыр Жапаровду дебатка чакырды

Абдил Сегизбаев жанданып, Садыр Жапаровду дебатка чакырды

08-декабрь, 17:48
1 494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды.

Бул тууралуу Сегизбаев 7-декабрда Азаттыкка берген маегинде билдирди. Ал акыркы он күндө ар кыл күчтөр ортомчуларды салып, ар кандай кызматтарды сунуштап жатканын кошумчалады: “Мен эң күчтүү талапкер деген адамды дебатка чакырам. Мага ортомчуларды салып жатыптыр. Бетме-бет сүйлөшөлү. Артыбыздын сөз кылбайлы. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебаттан ар бирибиз өз чындыгыбызды айталы. Кимдин ким экенин, кандай максат көздөп жатканын ачык сүйлөшөлү” деди Сегизбаев.

“Күчтүү делген талапкер ким? Садыр Жапаровбу?” деген суроого Абдил Сегизбаев “ошол кишини айтып жатам” деп жооп кайтарды. 15-декабрда, шайлоо өнөктүгү учурунда бир катар маалыматтарды ачыкка чыгара турганын айтты.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин башкарып, өз арызы менен кызматтан кеткен. Ошол мезгилде камалган саясатчылардын көпчүлүгү аны “бийликтин саясый буйругун аткарган” деп айыптап келишет.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер