Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков наам, сыйлык бөлүштүрүү боюнча адиспи?


“Атын атаса, куту сүйүнөт” дегенди “салтка” айлантып алгандар адабиятта огеле көп, сыйлык, наам алууга чуркагандар андан да көп. Үрниса Маматова деген акын эжебиз өзүнүн поэзия кечесинде сыйлыктан баш тартып, жети жүздөн ашык мүчөсү бар Кыргызстандын улуттук Жазуучулар союзун катуу сынга алды деп уктук. Көрсө, Жазуучулар уюму сыйлык бөлүштүрүүдөн башка иш менен алек болбойт экен. Анын төрагасы Нурлан Калыбеков тойлордон, конференциялардан колу бошобой, өлкөнүн дежурный куттуктоочусуна айланып, барган жеринде устукан алганына ыраазы болуп, тердеп-кургап эле тойдун үстүндө жүрөт дешти. Башка кылар иши жок экен. Жазуучулар бирикмесинин ишин уюштуруу, демилге көтөрүп, адабияттын көйгөйлөрүн ортого салуу анын түшүнө да кирбейт турбайбы. Нурлан наам, сыйлык бөлүштүрүү боюнча “адистешип”, “карыш-карыш, сөөм-сөөм” деп эле бөлүштүрүп, президиумдан өткөрүмүш болуп, майрамдардын сценарийин жазгандарды “сценарист”деп көз боёмочулук кылып, наамдарга көрсөтүп, ортодон төмөн жазган Суранчы Жетимишев, Жолоочу Рысбаев, Абдыжапар Эгембердиев, Тазагүл Закирова, Чолпонбек Абыкеев сыяктуу акын-жазуучулар ушул устукан алып көнгөн Нурландын “сиңирген” эмгеги менен ардактуу наамдарга ээ болушту. “Азаттыктын” акырынан жем жеп, чочугансып кээде ыр жазган Бурулкан Сарыгуловага “ Алтын калем” сыйлыгы жашы үчүн берилдиби, же кашы үчүн берилдиби, аны Нурлан Калыбеков эле билбесе, башкалар үчүн купуя сыр бойдон калды. Эми бул Нурлан деген эргул уялбай туруп эле Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка Кожогелди Култегиндин катуу сындалган, начар ырлардан турган китебин көрсөтүптүр. Жазуучулар бирикмесинин президиумунда “Кудайды карасаңарчы, халтура деп сындалып жаткан китепти кантип көрсөтөсүңөр?” деп калыс сөзүн айта турган бир салабаттуу, абройлуу кишиси жок, жалаң тааныш-билиш менен иштешкен кошоматчылар чогулуп алган окшойт. Болбосо, адабиятта наам, сыйлык менен иши жок, өмүр бою изденип келген Кубат Жусубалиев, же Жылкычы Жапиев, Самсак Станалиев сыяктуу чыгаан жазуучуларды, Омор Султанов, Токтосун Самудинов, Сагын Акматбекова деген чоң акындарды көрсөтсө сыйлык көркүнө чыгып, атына заты жарашып калбайт беле?
Узун тарыхы бар, “улуттук” деген макамы бар Жазуучулар союзу эмес, жаңы уюшулган “Рух Бейне” коомдук академиясы “Жылдын мыкты китеби” деп акын Бектуруш Салгаманинин “Аты жок китеп”, Арслан Койчуевдин “Мисмилдирик” романын атады. Бул көрүнүш коомчулукка жаңылык болду. Жазуучулар бирикмесине окшоп чобурду “тулпар” деп, карганы “шумкар” деп кызылдай калпты бетине кармабастан, калыстык менен тандалган, адилет берилген сыйлык “Рух Бейне” коомдук академиясынын зоболосун көтөрдү. А Жазуучулар союзу болсо, баягы эле өнөкөткө айланган ит оорусун карматып, көнүмүш адаты менен халтурщик акын-жазуучуларды сүрөп, жең ичинен соодалашып жаткан кербези экен...
"Азия Ньюс" гезити











