Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кууланган Соке менен ак көңүл Атамбаевдин айырмасы эмнеде?

Кууланган Соке менен ак көңүл Атамбаевдин айырмасы эмнеде?

14-февраль, 12:06
2 130 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Коррупция менен мафияны жок кылабыз” деген жаңы бийлик коррупция менен мафияны “гүлдөткөн” С.Жээнбековдун жетегинде болуп калышты. Үчүнчү элдик революцияда Акүй өрттөлүп, айдалып чыккан Соке соодалашканга өткөн. Анын каалоосу боюнча экс-президенттик макамы, кол тийбестиги сакталып, туугандары куугунтукка алынбашы керек болгон. Мамлекет үчүн, эл үчүн аракет кылган Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өз кызыкчылыгын көздөгөн Сокенин талабын аткарбаска айлалары жок эле. Анткени бийлик, байлык, акчага тойбогон Сокенин каалаганы аткарылбаса, жарандык согуш чыгаргандан кайра тартмак эмес. “Өлсөм да бийликтен кетпейм” деп тырышып отурган Соке коррупция менен мафиянын башында өзү турса, көп сандаган кландар, кошоматчылар колдоп турушса, абал оор эле... 

Оштон Бишкекти көздөй самолёт менен учушуп, жолтандабастары менен жетип келишкен “черныйлары” борбордук аянтта жүргөн кыргыз элин башка-көзгө койгулап, элден кечирим сурап турган Атамбаевди аткылап киришти го... Булар менталитети, аң-сезими, деңгээли, бир кылым мурдагы басмачылардан эч айырмасы жок экенин көрсөтүштү. Эми болсо өзү хан, өзү бек, селдеси жок корбашыга айланган Соке мамлекеттик резиденцияда жатып алып көмүскө башкарууга өткөн. Буга чейинки үч жылдык башкаруусу кыргыз мамлекетин бир кылым артка сүрүп таштаса, мындан кийинки көмүскө башкаруусу таш дооруна алып барып такашы мүмкүн.

Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлүп-жаруу саясатын жүргүзгөн Сокенин үй-бүлөлүк-кландык-коррупциялык режими мурдагыдан да күчөтүлдү. Илгерки Кудаяр хандын коргону сыяктуу бекем кайтарылган госрезиденцияда жашаган Роза Отунбаева менен кеңешип, ал жактагы президент Садыр Жапаровго да көрсөтмөлөрдү береби? Ошондуктан анын каршылашы болгон А.Атамбаевдин адамдарынын баары камалып, Соке болсо туугандары, табакташтары менен аман-эсен. 

Кыскасы, куулук менен жан сактап жүргөн молдо чалыш немени президент кылып алыптырбыз. Ал жүргөн жерде чөп чыкпасын көргөн кыргыз эли жерге түкүрүп калышпадыбы. Жапаров менен Ташиев чечкиндүү кадамдарга барышпаса, мамлекет катары, эл катары жок болобузбу? Бул жерде амалкөйлүк менен аңкоолуктун ортосунда күрөш жүрүп жаткандай... 

Кууланган Соке менен ак көңүл Атамбаевдин мамилесине үч жылдан бери күбө болуп келатабыз. Россияда жүргөн Өмүрбек Бабановду болсо алдап алып келип, 12 кылмыш ишин козгоп, менчиктерин тартып алышты. Ал эми Жапаров менен Ташиевдин эмнесин тартып алат? Адегенде колдоочуларын жана тарапташтарын таркатып, андан кийин бийликти тартып алуу аракети көрүлөбү? Көрсөтмө берген Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча суракка чакырылган Соке Түркияга, андан ары Араб Эмиратына зуу койгону бекеринен эмес. Толгон-токой кылмыштары үчүн суракка чакырылып, андан ары түрмөнүн төрүнө отурарын  алдын ала билген Соке НАТОнун курамындагы өлкөлөрдөн жардам сурап, тополоң чыгаруу аракетин башташы мүмкүн. Адалсынган молдо чалыш немеден “информация выкачивать” эткен чет элдиктер НАТОнун жардамы менен кичинекей Кыргызстанды көкбөрү кылып кеткенге даярбы? Кыргызстанда болсо бир аялдын 50 миң доллар турган шубасын көрүп, ал аялдын миң долларлык өтүгүн аңдып, анын ордуна Сокенин Оштон Бишкекке алып келген көздөй адамын дайындаса, сот бийлиги Сокенин чөнтөгүндө кала береби? Ошентип, кыргыз мамлекетинин коопсуздугу, кыргыз элинин тагдыры кылдын учунда турат. Көмүскө бийлик камалабы, “тайный” тандем түзүлүп, мышык-чычкан оюну улана береби?


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер