Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМ: Новосибирск шаарында Кыргызстандыктардын катышуусундагы массалык мушташ боюнча маалымат

ИИМ: Новосибирск шаарында Кыргызстандыктардын катышуусундагы массалык мушташ боюнча маалымат

08-октябрь, 12:51
551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
 Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү билдирет, Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (Бейбаштык) менен 163-беренеде (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

 Окуя болгон жерге аталган кылмыш ишин ачууга багытталган тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Кароо жүргүзүү учурунда жакынкы жерлерде жайгашкан видеокамералардын видеолору көрүлүп, токтотуп коюшкан автоунаалар текшерилип, бардык далил буюмдар алынып, кылмыш ишинин материалына бекитилип, зарыл болгон эскпертизалар дайындалган. Аймактык органдарга 25 адам жеткирилип, суракка алынгандан кийин кое берилишкен. Ал эми 5 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын экөө ооруканага жаткырылды. Азыркы учурда, Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын кайда экендигин тактоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Аталган факты боюнча Өкүлчүлүк, Россиянын ИИМдин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз иштешүүдө. 

Аryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер