Нарис Калчаев: “Тез аранын ичинде эксперттер карабаса, Кумтөрдө кен казуу кескин солгундайт”


-- Нарис мырза, Кумтөрдүн соттук иштери мындан ары эмне болот?
-- Бишкек шаардык соттун чыгарган чечимин колума ала элекмин. Ушул жума даярдап беришет. Чечим кандай чыкканы баарыбызга маалым болду, бирок даттануу сөзсүз болот! Ал иштер боюнча юристтер менен акылдашып жатабыз! Биз ушу бойдон колубузду көтөрүп бербешибиз керек.
-- 17,5 тонна алтын алуу жана катастрофа – бул эки ажырымды кандай түшүнөбүз?
-- Быйылкы жылы Кумтөр чынында 17,5 тонна алтын казууну пландап жаткан, өткөн жумадагы карьердеги борттун жылышы, жараканын кетиши бул планды артка тартышы мүмкүн. Эгер тез аранын ичинде эксперттер карап чыгып, өз бүтүмдөрүн чыгарып бербесе, кен казуу кескин солгундайт. Борбордук карьердин 21 участогу менен Сары-Төрдөгү азыркы жүрүп жаткан иш 20 участокко салыштырмалуу аз чыгып калуу коркунучу бар.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











