Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Садыр Жапаров сунуш кылса, мен Курманбек Бакиевди алып келүүгө даярмын»

Бекболот Талгарбеков: «Садыр Жапаров сунуш кылса, мен Курманбек Бакиевди алып келүүгө даярмын»

19-август, 20:10
5 835 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекболот агай, жакында эле өлкөбүздүн биринчи президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келгенде сиз коштоп жүрдүңүз. Жыйынтыгы кандай болду? 

-- Аскар Акаев өлкөгө эки максат менен келген. Негизгиси, Кумтөр алтын кени боюнча териштирүүгө жардам көрсөтүү. Ал беш күн катары УКМКда болуп, өзү билген баардык суроолорго жооп берди. Албетте, ал суроо-жооптор коомчулукка кеңири жарыяланган жок. Бирок эки жагдай ачык болду. Биринчиси, 2003-жылы канадалык компания менен түзүлгөн келишим Кыргызстан үчүн утулушта болгону дайын болду. Ал келишимди иштеп чыккан, атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия Кыргызстандын кызыкчылыгын бекем сактай албаганы, ал комиссия киргизген сунушту агездеги өкмөт терең изилдебестен кабыл алганы катачылык болгону ачыкталды. Ал эми Аскар Акаев мамлекеттик комиссиянын жана өкмөттүн Кумтөр боюнча кабыл алган келишимине ишенип койгонун мойнуна алып, саясый кемчилиги үчүн элден кечирим сурады. Экинчи жагдайга келсек, териштирүүнүн жыйынтыгында Аскар Акаевдин Кумтөр долбоору боюнча бир доллар же бир грамм алтын пайда көрбөгөнү, бир акцияга ээ болбогону тастыкталды. Аскар Акаевдин экинчи максаты – бул дүйнөдөн өтүп кеткен эки агасына жана залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго куран окутуу эле. Бул иш-чараларды жакшы өткөрүп алды. Биринчи президенттин мекенине кайтып, өлкөгө жардам берүү жана маркумдарга куран окутуу максатын аткарууга шарт түзүп беришкен президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин адилет саясатын да белгилей кетүүбүз зарыл. 

-- Аскар Акаевдин келишин кыргыз эли кандай кабыл алды?

-- Жалпы эл боюнча айтууга эрте. Анткени ал көбүнесе УКМКда болду. Бирок коомчулук абдан жакшы кабыл алды. Биз, коштоп жүргөндөр, көп кадыр-барктуу адамдар менен сүйлөшүп жаттык. Алар телефон чалышып, Аскар Акаевдин эгемен кыргыз мамлекетин түптөөдөгү зор салымын белгилеп жатышты. Бир көрүнүшкө токтоло кетейин. Аскар Акаев кетеринде убакыт бөлүп, жакын тарапташтары менен Чуңкурчак капчыгайындагы «12 каминов» эс алуу жайында үч сааттай болду. Биз отурган бозүйдөн танаписте сыртка чыгып, Аскар Акаев көпүрө менен аркы жээкке өтүп бараткан. Ачык сөрүдө 40-50 адам эс алып отурушкан болчу. Алар биринчи президентти көрүшүп, тура калышып, кол чаап турушту. Биз тааныш эмес эле жарандардын мындай мамилесине абдан толкундандык. Аскар Акаев кайра кайтканда алар тосуп алышып, сүрөткө түшүшүп, мекенге кайтышы менен куттуктап жатышты. Казакстандан эки үй-бүлө келишкен экен. Алар «отуз жыл ичинде Борбор Азиянын эң мыкты президенти Аскар Акаев болду» деген пикирин айтышты. 

-- Акаевдин келишин жактырбагандар, ал эмес аны «камаш керек болчу» дегендер дагы чыкты да…

-- Акаевди он алты жылдан бери кимдер каралап келатышат? Анын бийлигинде кызматтан ажырап калышкан беш-алты аткаминерлер жана соцтармакта күн-түн отурушуп, кыргыз элине сокур тыйын жакшылык кылышпаган бир ууч шумпайлар. Ал аткаминерлер бул саам негедир үн чыгарышпады. Ал эми шумпайлар Аскар Акаевдин кадыр-баркын коомчулук бийик бааларын көрүшүп, жинди болуп кете жаздашты. Ооздорунан «ак ит кирип, кара ит чыгып» жатты. 

-- Коомчулукта «биринчи президент келген соң Курманбек Бакиев да келиши керек» деген пикир айтылып жатат...

-- Кошулам. Эки себептен. Биринчи себеби – Садыр Жапаровдун «кыргыз элинин башын бириктирем, ынтымагын чыңдайм» деген саясаты уланышы зарыл. Экинчи себеби – Курманбек Бакиев да Акаевди туурап, Кыргызстанга Кумтөр алтын кенин кайтарып алганга жардам бериши керек. Азыр жардамы тийбесе, анда качан тийет?! Учуру келип турат. Эгер Садыр Жапаров сунуш кылса, анда мен Минскиге чейин барып, Курманбек Бакиевге жагдайды түшүндүрүп, аны алып келгенге даярмын. Экөөбүз губернатор кезибизде мамилебиз жакшы болгон. Беларусь элине, президент Александр Лукашенкого чоң ырахмат. Курманбек Бакиевди мына он бир жылдан бери кор кылбай, калкалап келатышат. Бирок анын өлкөгө кайтуу мезгили бышып жетти. Экинчи президентинин бөтөн жерде өмүр бою калуусу кыргыз элине абийир алып келбейт. 

-- Башкы прокуратура «эгер Курманбек Бакиев келсе дароо камалат» деген билдирүү таратпадыбы? 

-- Туура, биз мыйзам чегинен чыкпашыбыз зарыл. Бакиевге карата соттук өкүмдөр бар. Келип УКМКнын СИЗОсунда отургандан коркуунун кажети жок. Өзүм ал жерде бир жарым жыл отуруп чыккам. Кудайга шүгүр, оорубадым, сынбадым. Биздин УКМК гестапо эмес. Азыр Алмазбек Атамбаевге түзүп берген шартты Курманбек Бакиевге да түзүп беришет. 

-- Анда Курманбек Бакиев камакта канча отуруп калышы мүмкүн?

-- Бир жылча. Бул убакытта Кумтөрдүн тагдыры чечилет да. Бакиевде анан 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча күнөөсү калат. Анан өзүм башында туруп, 10-апрелде Ала-Тоо аянтында каза болушкан он жети азаматтын туугандары менен сүйлөшүп, эгер алар айкөлдүк кылып кечиришсе, анда кол топтоп президент Садыр Жапаровго кайрылып, ырайым берүү жолу менен Курманбек Бакиевди камактан чыгарып алмакпыз. 

-- Коё туруңуз. Эмне үчүн он жети азамат? «Апрель окуясында сексен жети адам каза болгон» деген маалымат бар эмеспи?

-- Эске салсак, 2011-жылы агездеги президент Роза Отунбаева андагы башкы прокурор Кубатбек Байболовду кызматтан алган. Президенттин сунушу каралган Жогорку Кеңештин жыйынында Байболовго атайын сөз берилген эмес. Эгер берилсе, анда ал: «10-апрелде Ала-Тоо аянтындагы ок атышуудан он жети жигит каза болгонун, ал эми калган жетимишин алсак Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаевдер Бишкектин жана Чүй облусунун ар кайсы жерлеринде тоноочулук убагында өлгөн адамдарды чогултушканын, ошондой эле банктагы ячейкалардан ондогон миллион долларды жана Россия берген кредиттин бир бөлүгүн Отунбаева баштаган топ ич-ара бөлүп алганын ачык айтат элем» деп кызматтан алынардан бир күн эрте болгон жолугуушуда мага, ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевге айтып берген. Эми заман өзгөрдү го? Эмнеге Кубатбек Байболов УКМКга чакырылып, ошондо элге айта албай калган чындыгын айтып бербейт? Айтайын дегеним, 2010-жылдагы апрель трагедиясы үчүн Курманбек Бакиев да, бийликти күч менен басып алышкан Отунбаева, Атамбаев, Каптагаевдер бирдей күнөөлүү жана чогуу жооп тартышы керек. 

-- Соңку суроо. Курманбек Бакиев келгенде дароо камакка алынса, анын тарапташтары тополоң уюштурушпайбы? 

-- Анын тарапташтары сабырдуулук кылып, мыйзам алкагында иш жүрүүсүн колдоп беришет (!) деген ниеттемин. А эгер Курманбек Бакиев келгенге чейин УКМК Роза Отунбаева жана Эмилбек Каптагаевди камакка алса, анда эл ыраазы болуп, көчөгө бир да адам чыкпайт эле.


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер