Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тереңдикке чулганган, мезгилдер сүртүмүн сүрөттөгөн ирмемдер

Тереңдикке чулганган, мезгилдер сүртүмүн сүрөттөгөн ирмемдер

30-октябрь, 21:43
575 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакынкы күндөрү Бишкекте “Burana Fashion Week” эл аралык мода жумалыгынын 5-сезону өттү. Кыргызстандык кутюрьерлер эң мыкты коллекцияларын тартуулашты. Шоулар, спектакль көргөзмөсү жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси «Жыл мезгили» деген жалпы тема менен бириктирилген. Иш-чара Гапар Айтиев атындагы музейде болуп өттү. Бул керемет жумалыктар ар жылы опера-балет театрында ж.б искусствонун очогу болгон маданий жайларда өткөрүлүп турат. 

Дизайнер Залкар Аскарали уулу дагы шаар тургундарынын күттүргөн коногу. Мурда ондон ашык эл аралык мода сынактарынын жеңүүчүсү болгон Залкар Аскарали уулу “Түшүмдө” аттуу коллекциясы тууралуу “мен бул коллекцияны жаратуудан мурда эки жыл 25 жолу түшүмдө көргөм. Түштөрүмдүн уландысынан улам бул коллекция жаралды” деп айтып өттү. 

“Burana Fashion Week” эл аралык мода жумалыгынын арт-директору Миррахим Опош “бул жолку мода жумалыгынын темасы “Жыл мезгилдери”  мода эстетика эле эмес, тереңдикке чулганган жыл мезгилдерин, табигат кооздугун, адамдын курагын, мезгилдер сүртүмүн сүрөттөгөн түстөрдүн дүйнөсү” деп билдирди. 



“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер