Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткен: Бери дегенде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл толук өрттөлдү

Баткен: Бери дегенде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл толук өрттөлдү

30-апрель, 11:32
774 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардагы жана чек ара тозотторундагы абал боюнча "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымат берди.

Соңку маалыматка караганда, айрым айылдар толук өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти.

Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланды. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.

Чек ара тозотторунун бешөөнө ок тийип, өрт чыккан.

Облустук милиция ок атышуу токтогонун айтты, бейрасмий маалыматка караганда, айрым жерлерде ок атылып жатканы угулууда.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. 


azattyk.org

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер