Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышай Мамыркулова, журналист: “Жаңы муун бийлик башына келмейинче “таз кебетеден” арылбайбыз”

Канышай Мамыркулова, журналист: “Жаңы муун бийлик башына келмейинче “таз кебетеден” арылбайбыз”

28-март, 19:30
2 483 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Канышай айым, өлкөдө эки миллион эки жүз миң адам жакыр жашайт экен. Мындайча айтканда, күнүмдүк нанын эптеп таап жеген мекендештерибиз. Соңку жылдары каатчылык күчөп, карапайым калктын жашоосу начарлаганы жашыруун болбой калды. Кургуйга кетип баратканыбыздын себептерин айтып бересизби?

-- Мамлекетте ырааттуу жүргүзүлгөн иш-аракеттин жоктугу. Кыргыз саясатына жана бийлигине жылдар бою илээшип келе жаткан бир ууч топтун уятсыздыгы жана жоопкерчиликти сезбегендиги. Жарандардын укуктук сабатсыздыгы жана бары-жогун Жаратканга шылтап, жылдар бою үзүлбөгөн үмүтү менен ишенчээктик мүнөзгө өтүшкөнү себеп. Коррупция менен укук тармагынын чырмалышкан уюкка айлангандыгы. Жарандар аң-сезимдүү болуп, шайлоо жана башка саясый өнөктүктөрдө активдүүлүгүн көрсөтүп, жаңы муун бийлик башына келмейинче “таз кебетеден” арылуу кыйын…

-- Сиз ар дайым Акылбек Жапаровду курч мааниде сынга алып келесиз. Ал чын эле элибизге кас саясатын жүргүзүп келатабы? Кандай аргументтерди келтирет элеңиз?

-- Эң ириде “өзүбүз алдык” деп элди ишендирген Кумтөр чуусунда 30 жыл бою ошол маселеге аралашып келе жаткандардын сап башында. Башкасын айтпаганда дагы Бөлтүрүк камакта. “Улуу көчмөндөр Мурасы” холдинги жоюлду. Бюджет бир топ чыгым тартты. Уюшулуп жатканда элди ишендиргендердин башында Акылбек Жапаров жүрбөдү беле? Бул эмнеге ооз ачпайт? “ККМ” деп какшап жүрөт. ККМ жана башка шарттарды киргизиш үчүн адегенде атамекендик ишкерлерге шарт түзүш керекпи? Мына кечээ-бүгүн өкмөт жеңил өнөр жайчылар менен жолукту. Алар “Казакстан, Өзбекстан, Кытай менен виза маселесин чечти, алардын ишкерлери биздин нанды тартып алууда, бара-бара рынокту алдырып коюшубуз мүмкүн” деп какшап жатышат, ушуларга шарт түзгөнүн көрдүңөрбү? Кайра эле бийликке же башкага илээшкендер жакшы шарттарга ээ болуп, таанышы жок ишкерлер четте калууда. Алар болгону Кытай менен болгон виза маселесин сурап жатышат. Мындай мисал толтура. Дегеле кеткен бийликтин баары менен иштешкен адамдын учурда бийликке жармашып жүрүшү ишеним жаратпайт.  

-- Учурда соцтармактарга “акыр-чикир” толуп кеткенине күбө болуудабыз. Ынанымдуу аналитика менен иликтөөлөрдү жазууга, жеткиликтүү маектерди алууга журналисттерге кандай тоскоолдуктар жаралууда? Же чеберчилик, билим, тажрыйба жагынан аксашабы? Деги эле Кыргызстандагы эркин ЖМКлардын абалына токтоло кетсеңиз?

-- Баардык тармактардай эле журналистика жааты реформага муктаж. Калктын маалымат алуусу, ылгап кабыл алуу кыйыныраак болуп калды. Бирок, маалымат таратуу, техникалык мүмкүнчүлүк жогору. Өзүн өстүрөм деген журналисттерге “Интерньюс” сыяктуу уюмдар эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Кесиптик жактан даярдык, ириде, адамдын өзүнөн. Мамлекеттик ЖМКлар менен эркин ЖМКлардын соттошуусу атаандаштык менен тилектештиктин ордун билбегендик жана өз ара сыйдын жоктугу. Дегеле, өлкөдөгү маалымат саясаты өтө төмөн деңгээлге түшүп калды. Буга баардык тараптар айыптуу. 

 -- Бизде сөз эркиндигине канчалык деңгээлде кам көрүлгөн? Бийликти же кайсы бир таасирдүү адамдарды сындоодо коркунучтар барбы?

-- “Сөз эркиндиги жок” деп дагы, толук кандуу “бар” таризинде бир беткей айтуу кыйын. Бизде бары-жогу аралашып калган. Сырттан кирген таасирлердин керектүүсүн алуу керек экендигин ушул сөз эркиндигине байланыштуу маселеден дагы байкасак болот. Бийликти сындай берүү маселе эмес. Ошол сындан жыйынтык чыгып, тултуйган беттер кызарса максатка ылайык келмек.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер