Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динчил Осмоновдор кайрымдуулук менен мактанышып, шарыятка каршы чыгыштыбы?

Динчил Осмоновдор кайрымдуулук менен мактанышып, шарыятка каршы чыгыштыбы?

16-май, 13:31
2 743 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы курулуш жагын “монополия” кылып алышкан Нурбек, Айбек Осмоновдор баардык тармактардан бизнес жүгүрткөнү, кайсы бийлик келсе да эбин табышканы маалым. Азырынча биз ишкерликтеги шектүү жактарын козгобой туралы. 

Дегенибиз, бир туугандар “Баткенге 20 үй курабыз” дегенден бери соцтармакта мактана беришип, акырында коомчулуктун кыжырына тийе башташты. Жалданма командасы менен жарыша пиар кылууга өтүштү. Согуштун айынан өлүм-житимге, жамандыкка кириптер болушкан карапайым элдин муң-зарынан даңкталбай эле коюшпайбы? Алгач үйлөрдү курарын жарыялашып, андан соң курулуштун башталганын шардана кылышып, макет, сүрөттөрүн чыгарышууда. Мекенчилдер мээ айлантышпай эле жакшылыктарын жасашчу эле... Булар кайдан чыгышкан?

Баса, эске салалы. “Ихласчылар” ашкере динчил экенин көрсөтүшүп, Конституцияга, мыйзамдарга каршы кыймыл-аракеттерин таңуулай башташканын билесиңерби? Депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин трибунасынан мектепке жоолук салынып келген кыздарды коргоп чыккан. “Бул көрүнүшкө ИИМ каршы экен, суракка алам!” деген таризде. Абсурд! Мындай жоругу менен светтик жашоо образыбызды тебелегенге чейин барганы да, туурабы? Туй ата! Караңгылыктан,  махаллянын деңгээлинен көтөрүлбөйбү?..

Ошентип, радикалдуу динчилдерге айланып отурушса, кылып аткандарына кандай баа беребиз? Шарыятта соопчулук, кайрымдуулук иштерди жасаганда жарыялабайт, мактанбайт, тек гана Жаратканга жагуу үчүн аракет кылат эмеспи. А “ихласчылар” жабыр тарткандардын көз жашын аарчымыш этишип, пиар жасашып, миң түрлөнө беришеби? Бизнестен саясатка келишип, динди жамынуу менен көз боёмолой беришсе, аягы жаман бүтөт го?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер