Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анара Султангазиева: “Быйыл кыш суук болсо, булганыч абадан бири-бирибизди көрбөй калабыз”

Анара Султангазиева: “Быйыл кыш суук болсо, булганыч абадан бири-бирибизди көрбөй калабыз”

13-ноябрь, 21:30
451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бул жылы деле өткөн жылкы аба көйгөйү кайталанчудай. Абанын булгануусу боюнча дагы алдыга чыкчудайбыз. Бир аз иштер жүрдүбү? Мэрия иш алып барып жатабы?

-- Жылына ушундай абал кайталана берет. Өткөн жылы да кыш жылуу болду. Быйыл кышында сууктун катуу чыңалуусу боюнча божомолдор бар. Кыш суук тартса, булганыч абадан бири-бирибизди көрбөй калабыз. Качан биздин өкмөт, мэрия чечкиндүү кадамдарга барып, иш алып бармайынча, бул көрүнүш кайталана берет. Жыл сайын мэриянын баягы эле убадасы. Биздин ЖЭБди дагы атайын Кара-Кече көмүрүнө ылайыкташтырып модернизация жасоолору керек. Андан тышкары, биздин жаңы конуштар Кара-Кеченин көмүрүн жагып баштагандан тартып, кышында кара түтүнгө курчалып, ууланып жатабыз. Кара-Кече – бул бышпаган В3 категориясындагы күрөң көмүргө кирет. Табы начар, түтүнү көп болот. Союз мезгилинде изилдөө өткөргөндө Кара-Кече чыккан жерди “жүз жылга чейин ачпагыла, бул көмүр быша элек” дешкен. Андан тышкары, урандын радиациялары табылган. Союз таркагандан кийин айтылган убакытка 30 жыл боло электе Кара-Кечени иштетип, көмүрүн шатыратып сата баштагандан бери бүгүнкүдөй балээге кабылдык. Борбор калаада 22 мектеп көмүр менен жылытылат. Калганы газга өткөрүлгөн. Ошол 22 мектеп боюнча мэрия жыл сайын убада берет. Быйыл мэриянын адамдары ошол эле ырын ырдап отурушат. “Дизель менен жүргөн бустарды кыскартып, шаардын сыртына чыгаргыла. Газ менен жүрө турган коомдук автобустарды алып келгиле” дейбиз. Аны дагы уялбай “келишим түзөбүз, алабыз” дешет. Алар “119 автобус алабыз” дегенден бери канча жыл өттү? Дале жыты да жок. Полигон үчүн бөлүнгөн гранттарды жеп коюшуп, эски полигондун түтөгөнү түтөгөн. ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөрдөн Кыргызстан эле калды. Биз К5-тен жогору көрсөткүчтөгү күйүүчү майларды колдонушубуз зарыл эле. Биз эле К2, К3 ошол эле күйүүчү майларды колдонобуз. Бул да өз “салымын” кошууда. 

Негизи 70-80% автоунаалар абаны бузат. Алар өз уулуу заттарын абага бөлүп чыгарышат. Жакшы сапаттуу бир жакшы автоунаа К5 күйүүчү майын колдонгондо эле жылына 2 миң тонна уулуу заттарды бөлүп чыгарат экен. Бизде болсо расмий 1,5 млн. автоунаа бар. Бишкектин өзүндө эле жарым миллион. Андан тышкары, күн сайын Бишкекке 200 миңдей автоунаа кирип чыгып турат. Биз эң төмөнкү сапаттагы күйүүчү майды колдонобуз. Андан тышкары, мончолор, өндүрүштөр, сауналар, жаңы конушта жашагандар таштанды жагышат. Ушул мисалдардан соң анан кантип булганыч аба боюнча биринчи орунду ээлебейбиз?!

-- Булганыч абаларын тазартып алган башка өлкөлөр тууралуу да ой бөлүшсөңүз?

-- Мисалы, мындан беш-алты жыл мурун Кытай, Монголия биринчи орунду ээлешчү. Кытай 2018-жылы 3,5 миллиард каражат коротуп, ушул көйгөйдү чечти. 

Кыргызстан кичинекей мамлекет, Бишкек алакандай эле жер. Мурда шаарда автотыгын жок кезде аяк-башы жарым сааттык эле жол болчу. Алакандай Бишкектин көйгөйүн чече албаган мамлекет жыл сайын эле бир ырды ырдай беришет.

Бир жылга 3,5 миллион сомго чейин көмүр алып сарптаган мектептер бар экен. Ал эми газды эсептесек (газ койдурган 600 миң сом турат), кышы бою коротулган газга 600 миң сомдой кетет, ошондо 1 млн. 250 миң сомго кыштан чыкса болот экен. Андан кийинки жылы котёл коюлбайт. 600-700 миң гана каражат коротулат. “Газ биздики эмес, газ кымбат” деген шылтоолорду айтышат. Газ арзанга түшөт, абаны да булгабайт. Бул жөн гана көмүр мафиясы.

“Газпромдун” жетекчилиги менен сүйлөшө келсең, алар өткөрүүгө даяр. Өзбекстанда коомдук унаалар менен жеке унаалар газ менен гана жүрүшөт. Шаары таптаза, бир жыт жок. Бул биздин өлкөдөгү тийиштүү жетекчилердин эле шалаакылыгы жана кайдыгерлиги!  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер