Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курсан Асанов: “Келинчегим инсульт алып, азыр реанимацияда жатат...”

Курсан Асанов: “Келинчегим инсульт алып, азыр реанимацияда жатат...”

14-январь, 16:06
2 867 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Курсан иним, шайлоо болор күнгө үч күн мурун келинчегиңизге иш козголгону тууралуу маалымат каражаттарына чыгып кетти. Бул кандайдыр бир саясый кадам болдубу?

-- Эми одоно мыйзам бузуулар байкалууда. Бул боюнча келинчегимдин жактоочусу “кандайдыр бир жаранга кылмыш иши козголобу же арыз түшкөндөбү укук коргоо органы тарабынан билдирүү (уведомление) келип, териштирүү бүткөндөн кийин гана маалымат булактарына чыгыш керек эле” деди. А чынында андай эреже-тартип сакталбастан, арыз түшкөнү түшүп, келинчегиме кулактандырылбай маалымат каражаттарына берүүгө ашыккан. Демек, мен муну шайлоо алдында мага болгон саясый кысым катары бааладым. Кадыр-баркыма, беделиме доо келтире турган амалдын бири сыяктанып калды.   

-- Келинчегиңдин ооруканага түшүп, реанимацияда экенинен кабарыбыз бар, бул кандайча болуп калды?

-- Ооба, сиз жакшы кабардар экенсиз. Шайлоого бир күн калганда келинчегиме повестка келет. Ал кезде сыркоолоп үйдө жаткан эле. Эртеси шайлоо күнү да таңатпай келишип, “саат онго барып калыңыз” дешет. Келинчегим “бүгүн шайлоо болуп атат, эртең баралы” деп эртеси барат. Ал күнү жактоочусу жок барган. “Жактоочум жок, жактоочум менен келсем болобу?” деп суранат. Ага болбой эле тергөөчү психологиялык чабуул кылганбы, айтор, ошол жерден (шаардык УКМК имаратынан) келинчегим эс-учун жоготуп, жыгылып калат. Инсульт болуптур. Реанимацияга түшүп калды. Эки-үч күн болду, азыр да ошол жакта. Негизинен бу жерде тергөөчү туура эмес кадамдарга барган сыяктанат, “мейли анда, жактоочуңуз менен келиңиз” десе болмок да.      

-- Келинчегиңе инвесторлор тууралуу 5 миллион доллар боюнча иш козголду, буга эмне дейт элең?

-- Элибиздин кылым карыткан жакшы сапаттары бар. Бирок, биздин мамлекеттин өнүгүшүнө, алдыга өсүп чыгуусуна жолтоо кылган, коомду артка тарткан дагы үч “сапаты” бар: кошоматчылык, ачкөздүк жана көралбастык. Ушулардын айынан бийликке ким келбесин, аларга жакшы көрүнөбүз деп “аракеттерин” кылып келген адамдарыбыз да жок эмес экен. Келинчегиме карата болуп аткан иштерге ишене албайм, ишенбейм дагы, андай суммада эмес. Бул граждандык иш. Азыр оор акыбалда реанимацияда жатат. Мага бүгүнкү күндө анын ден соолугу биринчи орунда турат. Баардыгы өз ордуна коюлат. Учуру келгенде сиздер да билесиздер, Жаратканды алдай албайбыз. Кудайга койдум. 

-- Жакшы болуп кетсин. Эми шайлоо жөнүндө кеп кылалы, шайлоодо ушундай пайыздык (болжолдуу 0,5%) добуш алууну күттүң беле?

-- Эң ириде бир нерсеге токтолоюн. Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер болгон баардык азаматтардай, анын ичинде бир аялзаты сыяктуу эле кыргыз элиме ак дилден, ак ниеттен кызмат кылууга аттангам. Өлкөнүн азыркы саясый, экономикалык туңгуюк абалынан алып чыгып кетүүдө элим үчүн башымды балка, билегимди казык кылып, болгон күч аракетимди эки-үч эселеп жумшоо үчүн багыт алгам. 30 жылдан ашуун ички иштер министрлигинде маңдай акы теримди төгүп, катардагы жоокерден генералдык чинге чейин жеттим. Бул аралыкта эл менен бирге болдум. Эмне көйгөйлөр бар экенин, аларды кандай жолдор менен чечүүнү да билем. Ошондой эле мамлекетте тартип, акыйкат башкаруу жана мыйзамдуулук орнотуу менен бирге Кыргызстандын жаңы барагын ачуу асыл ойлор менен барган болчумун. Учурдан пайдаланып, мени колдогон тарапташтарыма, командама аябай ыраазычылык билдирем. Тиги жагы Ысык-Көл, Нарын, Талас. Бу жагы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүйдөгүлөргө. Шайлоо өнөктүгүндө Кыргызстандын баардык жерин кыдырдым. Жакшы жолугушуулар болду. Карапайым калк мени сонун кабыл алып атышты. Албетте, мурун да билет элем, азыр да бир жолу элдин көйгөйлөрүн көрүп келдим. Элге эмне керек? Элге бийликке болгон ишеним, үмүт жана тынчтык керек. Калганы өз нугу менен кете берет. Бир кызыгы, Кыргызстандын жети облусу жана эки чоң шаарындагы (Бишкек, Ош) менин тарапташтарым шайлоонун жыйынтыгы чыгар замат “эмнеге ушундай көрсөткүч болуп калды?” деп таңкалышты. Жадагалса шайлоочуларымдын ыйлап чалгандары менин сезимимди козгоду. Ушундан улам “шайлоо таза өткөн жок!” деп чыккам. Эң негизгиси, мага бирби же миң добушпу – бул мен үчүн абдан баалуу. Чыны кандай болгонун убагы келгенде тарых өзү тастыктайт.

-- Саясаттагы кийинки кадамдарың кандай болмокчу?

-- Бүгүн элибиз өз тандоосун жасады. Кошоматчылардын, көпөстөрдүн, митаам, эки жүздүүлөрдүн башкаруусу эмес, чындыкты дайыма бетке айткан уул-кыздарыбыздан турган адилеттүү башкаруу болуп, ошондой гана адамдар мамлекетти азыркы туңгуюктан алып чыгарына ишенем. Кыргызстанда жаңы барак ачылсын. Азыркы башкаруучуга кааларым ушул. Мындан аркы саясаттагы кадамым – мен баштаган команда эл үчүн, жер үчүн ак дилдеги кызматыбызды кылып келгенбиз, кыла бермекчибиз. Биз ар дайым даярбыз.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер