Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев: “Өмүрбекованы кызматтан кетирүү абдан чоң катачылык болду”

Жанар Акаев: “Өмүрбекованы кызматтан кетирүү абдан чоң катачылык болду”

02-апрель, 14:58
1 229 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кечээ жыйында өкмөт башчыга айтайын десем, мага убакыт жетпей, сөз тийбей калды. Алтынай Өмүрбекова азыркы өкмөттүн курамындагы эң компетенттүү, жоопкерчиликтүү жана иш билги кадр болчу. Ачык-айкын иш алып барган вице-премьер эле. Алтынай Сейитбековнаны кызматтан кетирүү абдан чоң катачылык болду. Мен дайыма бул киши тууралуу жакшы гана ойлорумду айтып келатам, айылдарда бош турган имараттарды бала-бакчага айлантуу демилгесин да чекиндүү баштаган эле. "Ашууда ат алмашпайт" деген сөз бар. Штабдын ишин алып барып жаткан адамды кетирип, эми жаңысын алып келип, аны үйрөткөнчө дагы канча убакыт кетет? Билбейм. Саламаттыкты сактоо министри катары абдан жакшы иштеп жаткан Талантбек Батыралиевди иштен кетирип, Чолпонбаевди алып келишти. Эми Өмүрбекованы кетирип, айтор, жакшы иштеген, профессионалдарга өкмөттө орун жок. Ал эми мындай кадрларды сактап калууга, керек болсо сырттагы күчтүү кадрларды өкмөткө алып келүүгө биз отурган мокок, жалтак, чечкинсиз парламенттин күчү кайдан жетмек эле? Парламенттик башкаруунун маңызын түшүнбөй, трибунаны, мандатты кор кылган үчүн президенттик эле башкаруу ыңгайлуу деген ойдун башын ачып башташты да…” деп жазган ЖК депутаты Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер