Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Халтураны “классика” кылган фальсификаторлор

Халтураны “классика” кылган фальсификаторлор

25-май, 12:17
897 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы гезиттин өткөн санында)

Адабият тарыхын бурмалоо, жазуучу Ш.Абдыраманов жөнүндө кызылдай калпты жазуу жалгыз эле Бекташ Шамшиевге таандык эмес. Калпты-чынды койгулаштырып, аталган жазуучуга чаң жугузбай көкөлөтө мактап, баасын көтөрүп, адвокат болуп жүргөндөрдүн бири, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов. Он томдон турган “Кыргыз адабиятынын тарыхынын” 7-томуна (2017,190-207-беттер) кирген Ш.Абдырамановдун портретин ушул Абдыкерим Муратов жазган. Портретте автор жазуучунун жалпы чыгармачылыгы тууралуу чөп башылап, үстүртөн сөз кылат. Жазуучунун чыгармачылыгынын эволюциясы, аңгеме, повесть, роман жанрындагы изденүүлөрү, чыгармаларында кырдаал жана мүнөз, сюжет, конфликт, психологизм сыяктуу урунттуу категориялар каралбай, мындай теориялык маселелерди изилдөөчү айланып өткөн. Атургай адабиятта өзүнчө тенденцияга айланган өндүрүштүк теманы жазуучу эмне үчүн “аздектеп” калганы да адабиятчыны кызыктырбайт. Көрсө, А.Муратовдун жалгыз эле көздөгөн максаты – Ш.Абдырамановду көкөлөтө мактап, кандай болсо да классиктердин ардактуу пьедесталына чыгаруу болгон.

Анда адабиятчы-усулчу Ш.Абдырамановду кантип мактаган? Сөздү ошо жагына буралы. Жазуучунун портретине арналган А.Муратовдун макаласы “Ш.Абдырамановдун адабияттагы арымы” деп аталат. Портретте адабиятчы жазуучунун өмүр жолуна кыскача токтолуп, эки ыр китебинин чыкканы тууралуу сөз кылып, бирок аларга баа бербейт. “Ш.Абдыраманов эмне үчүн ыр жазып калган? Эмне себептен прозага кайрылды?” деген сыяктуу суроолорго жооп жок. Автор жазуучунун “Ала-Тоо” журналынын 1960-жылдагы 1-2-сандарына чыккан “Өкүм” повестине кеңири токтолуп, повестте “бир үй-бүлөнү ичкилик уруусунан чыккандар катары сүрөттөп, аларды таза эле ичкиликче сүйлөтүп салган” деп ошого маашыркап, мактаганга өтөт. Кыязы, жазуучу отуз уулдарды сүрөттөсө мындай мааниге ээ болмок эмес окшойт. Кийин “Тилдеги диалектизмдер менен катуу күрөш жүрүп турган бул жылдарда, калктын эски ырым-жырымын эзилип сүрөттөй берүү авторго абийир алып келе бербеген тоталитаризм мезгилинде мындай кылуу көпчүлүктүн, өзгөчө аны-муну көрүп калган кексе жазуучулардын, деги эле калем кармап оокат кылгандардын колунан келбес эле” деп жазат. Демек, ошол “кыйын кезеңде” тилдеги диалектизмдерди тайманбай колдонгон, эски ырым-жырымдарды айбыкпай жазган жазуучу жалгыз Ш.Абдыраманов болуптур. Башка жазуучулардын бири да буга даабаптыр. Кызык, 60-жылдары диалектизмдер, ырым-жырымдар боюнча ошондой көйгөй болду беле? Эмне, диалектизмдерди колдонбогула, эски ырым-жырымдарды сүрөттөбөгүлө деген Кыргызстан КП БКнын токтому чыкты беле? Албетте, жок. Болгону, А.Муратов тарабынан жазуучуну топ бузар катары, ойротто жок эрдик кылган “баатыр калемгер” катары көрсөтүп, баркын көтөрө чалууга болгон аракет – бул да каратып туруп, адабият тарыхын фальсификациялоо. 

 Андан нары адабиятчы мактоосун “Кала берсе чыгарманын башкы каарманы да райондук чоң жетекчилердин бири болуп туруп, ичкенчиликтин айынан кызматынан, үй-бүлөсүнөн ажыраган адам эле. Ошентип Ш.Абдыраманов алгачкы повести менен эле кыргыз адабият ааламына советтик режимдин тартибине көнбөгөн өжөр жазуучу, атүгүл анын айрым эрежелерине сын айткан жарым-жартылай оппозиционер көз караштагы автор келгендигин тастыктады” деп улантат. А.Муратов жазгандай, “ичкенчилик” (аракечтик) темасын Ш.Абдыраманов баштаган эмес, ага чейин эле коомдо пайда болгон бул илдеттин табиятын, бул терс көрүнүштөгү каармандын психологиясын, деградацияга туш болгон адамдын трагедиясын Р.Шүкүрбеков “Жинди суу” аттуу термесинде, К.Каимов “Бөтөлкөдөгү киши” аңгемесинде каармандын образы аркылуу терең ачып берген. Бул чыгармалар окурмандар дүйнөсүндө сөзгө алынып, үлгү катары көрсөтүлүп, адабияттагы аңызга айланып калган образдар жаралган. Адабият тарыхында, же адабий сында болсун, Р.Шүкүрбековдун термесиндеги турмушту терең изилдеген чеберчилиги, К.Каимовдун аңгемесиндеги гротеск жөнүндө көп эле жазылды, бирок аларды коомдогу ушундай кемчиликтерди ачып көрсөткөнү үчүн адабиятчы, сынчылар “советтик системага оппозиция болгон”, “тайманбай кемчиликтерди сындаган”, “өжөр жазуучу” деп мактаган эмес, мындай “жаңылыкты” адабият илимине А.Муратов киргизип, Ш.Абдырамановду ченде жок жазуучу кылып көрсөтүш үчүн ушинтип жок жерден эле жалган “ачылыш” жасаган. Болбосо бул повесть көркөмдүгү алешем, көптүн арасындагы ортозаар чыгармалардын бири.

Андан кийин “жазуучунун “Тааныш адамдар” (1964), “Арстанбап аймагында”(1965), “Өкүм” (1966), “Ак жүрөк адамдар” (1973) деген негизинен повесть-аңгемелерден турган китептери чыкты...” деп маалымат берет, бирок бул китептердеги чыгармаларга токтолбойт. Аталган китептерге кирген аңгеме, повесттер жазуучу бул жанрлардын эстетикалык табиятын өздөштүрө албаганын, чыгармалардагы каармандардын жасалма аракеттери, кирди-чыкты окуяларды камтыган чачкын сюжет, композициясынын борпоңдугу далилдеп турат. Ш.Абдырамановдун чыгармалары ошол 60-жылдардагы А.Саспаев, М.Гапаров, А.Жакыпбеков, А.Стамовдордун жанрдын эстетикалык табиятын жаңылаган аңгеме, повесттеринин деңгээлине көтөрүлө алган эмес, турган бийиктигине караманча жеткен эмес.

А.Муратов жазуучунун “Дыйкандар” романынын жазылышына түрткү болгон себепти “Баарыга белгилүү 1964-жылдары айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча КПСС БКнын март пленуму болгон. Ошол жылдары кыргыз жазуучуларынын бир тобу, алардын башкы сабында Ш.Абдыраманов да партиялык тапшырмаларды баш-оту менен аткарууга киришип турду, мунун бир жакшы жери китеби шыр чыгат, мактоо угат, калем акыга тунат. Ошол айыл чарбасын көтөрүү маселеси анын бүйүрүн кызыткан белем, айтор, дыйкандар темасын колго алат” деп туура көрсөткөн. А.Муратов партиянын пленумунун чечимдерин аткаруу максатында жазылган романга талдоо жүргүзгөндүн ордуна ал тууралуу жазылган макаланы талкуулоого киришип, “романдын журналдык варианты чыгары менен эле элге анча тарап-тарай электе сынчы К.Укаевдин “Советтик Кыргызстан” гезитине макаласы шашылыш басылып, анда роман катуу сындалат” деп баштайт. К.Укаевдин романга карата сыны идеологиялык призмадан жазылганы ырас, ошол эле учурда чыгармага көркөм-эстетикалык, жанр жагынан коюлган жүйөлүү дооматтарды А.Муратов кабыл албай сөздү башкага буруп, К.Укаевдин макаласы боюнча “сынчынын жекече таанымал стили менен жазылбаган” деген С.Жигитовдун сөзүн сап кармап, “макалада башка бирөөлөр тарабынан айтылчу сөз укаевдик авторитет менен урунулуп кеткендир?” деп ар кандай өзүнүн жоромолдорун ортого салат. Бирок, бул чындыкка дал келбейт. Анткени С.Жигитов макаланын түп нускасы менен жарыяланган текстти салыштырып текстологиялык изилдөө жүргүзгөн эмес, болгону өзүнүн субъективдүүлүккө жеңдирген жеке пикирин айтып жатат. Ага далил катары таянууга болбойт. Ошон үчүн ал кийин кайра “К.Укаевдин сыны жөнүндө айта кетели. Макала дурус, бирок, бир жактуу кетип калган” ( С.Жигитов “Кыргыз руху” 07.08.1996) деп макала К.Укаевге таандык экенин баса белгилеп, кыска, так баа берип жатпайбы. А.Муратов аны эсепке албай эле өзүнүн көнүмүш демагогиясына салып, “Макаланы К.Укаев жазган эмес” деп кайталай берет. Себеби, ал Ш.Абдырамановдун “...ушул чуулгандуу, адилетсиз макаланы Укаев жазган эмес, башка адам жазган, уюмдашып алгандар даярдашкан” (“Кыргызстан маданияты” 23.03.1989) деген негизи жок дооматын андан нары тереңдеткен. “К.Укаевдин аты менен жарыяланган” деген божомолунда жазуучу бекем туруп, К.Укаевдин авторлугун жокко чыгарууга аракет кылып “Сенек жылдарда уюшуп алып, партиянын атынан мыкты чыгармаларга, анын авторлоруна кысым жүргүзүшкөн топтун ичинде сынчы эсептелген К.Укаевдин орду чоң болгон. Ал “көк союл” сынчыга айланган” деп жок жерден жалаа жаап, каралаганга аракет кылган. Ал эми А.Муратов болсо, жазуучунун ушул негизи жок дооматын улантып, “андыктан да К.Укаев (балким башкалардыр?)” деп кара күчкө бүшүркөп, билмексен болуп Ш.Абдырамановдун “Чындык менен бетме-бет” (“Кыргызстан маданияты” 09.02.1989) деп аталган макаласы жөнүндө ачык сөз кылбай, бирок анын негизги дооматына басым коюп, “Укаевдин подписи аркылуу ошол мезгилде атайын мыйзамдаштырылбаган менен баарына белгилүү коллективдүү ой-пикир айтылган эле” деп тыянак чыгарган. Жазуучу өзү да, анын апологети А.Муратов да эмне үчүн кыргыз сынынын корифейи К.Укаевдин макалага автор болгонуна көлөкө түшүрүп, күмөн туудурганга аракет кылып жатышат? Себеби, Ш.Абдырамановдун бийликтин курмандыгы болгон, ак жеринен күйгөн, запкы көргөн, бийлик менен тирешкен, тоталитардык режимге оппозиционер, диссидент, баатыр болуп көрүнүү “идеясы” макалаларынын, интервьюларынын, андан кийин жазуучунун адвокаттары Б.Шамшиевдин, А.Муратовдун макалаларынын да негизги пафосун түзөт. Ошон үчүн А.Муратов адабият тарыхына аны тоталитардык режимге оппозиционер жазуучу катары киргизүүгө умтулуп, “Дыйкандарды” ушул контексте карап, “Бул романдагы Ш.Абдырамановдун айыбы коомдун жарасын ачып бергенинде эле, “кол салбас жакка” “кол салып” жиберген “тентектигинде” болчу, чарбалык ыйкы-тыйкыларды, партком, райком, обком, БК деген нерселерди жазбаш керек болчу” деп даанышман болуп, акыл үйрөтүп, “Дыйкандарда” балакет болуп ошолор жазылып кетти. Эртерээк жазылып кетти” деп күйүп-бышып, “Айтматовдой бийик эстетикалык калканыч, “кагазга оролгон” метафора менен жазылса бир жөн эле” деп Абдырамановдун романына ушу кичинекей эле “метафора” жетпей жаткандай, башка жагынан телегейи тегиз болуп калгандай түр көрсөткөн. Ошон үчүн романдын оңдолгон варианты боюнча “ Жазуучунун ийгилиги коомдун бетпардасын сыйрып, системанын чирип бараткандыгын көрсөтүп бергендигинде. Мындайга ушул Ш.Абдырамановго окшогон тайбас калемгер гана бармак” деп автордун тайманбастыгын негизги критерий кылып баа берет. Адабият илиминде чыгарманы баалай турган негизги чен-өлчөм жазуучунун өжөрлүгү, тайбастыгы эмес, көркөм-эстетикалык критерий болуп саналат. Ушундай бийик чен-өлчөмдөр менен баалай турган болсок, Ш.Абдырамановдун бул романы халтура экени ортого чыгат. Роман жанрынын негизги максаты чарбанын көйгөйлөрүн, кемчиликтерин ачып көрсөтүү эмес, турмушту көркөм изилдеп, философиялык маани-маңызын чечмелеп, көркөм дүйнө жаратып, Ыманбай, Качыке, Танабай, Абил бий сыяктуу түбөлүктүү образдарды жаратууда. А.Муратов салыштырып жаткан Ш.Абдырамановдун “Дыйкандар”, “Гүлазык”, “Жашыл аалам”, “Токуучулар”, “Тагдыр”, “Домоктун кылычы” сыяктуу каармандардын кулк-мүнөзүн, адамдык сапаттарын ак, кара түскө бөлүп, образдарды даяр канондорго салып, схематизмге сугарылган ортозаар кыргыз романдары менен Ч.Айтматовдун эстетикалык ачылгаларынын ортосунда асман менен жердей айырма, “көз кайкыган көркөм дистанция” бар экенин “Бул көркөм аралыктын бир учу адам жанынын диалектикасын изилдеген көп тармактуу, көп пландуу психологизмге жетсе, экинчи учу дале болсо каармандын жасалмалуу үлгүлөрүн демонстрациялоо, жалпы жонунан сыпаттоочу беллетристика менен мүнөздөлөт” деп учурунда эле К.Асаналиев таамай айтып койгон экен.

 А.Муратов жогоруда сынчы К.Укаевдин “Атына жооп бербеген роман” деген макаласына кеңири токтолуп, сынчынын ал макалага авторлугунан күмөн санап, макала атайын буйрутма менен уюшкан топ тарабынан даярдалган деген жоромолун ортого салыптыр. Адабиятчы-усулчу ушул жоромолун жүзөгө ашыруу үчүн 1989-жылы “Кыргызстан маданиятында” жазуучу менен сынчынын ортосундагы полемиканы сөз кылбай, ага көз жумуп, көрмөксөн болгон. Минтип, фактыларды жаап-жашырып, бурмалап, өз билгенин жасай берүү, тенденциялуулукка, субьективдүүлүккө жетеленүү, же илимдеги караөзгөйлүк, тилекке каршы, А.Муратовдун башка эмгектерине да мүнөздүү көрүнүш десек болот. 

Убагында ооз ачпай, таш тиштегендей болуп жүрүп, жыйырма жылдан кийин, айкындык заманы келгенде оозунан көк түтүнүн буркуратып Ш.Абдыраманов “Чындык менен бетме-бет” (“КМ”09.02.1989) деген макаласында сынчы К.Укаевдин маселесин козгоп, ага асылып, “жазага тартуу керек” деп сынчыга “күнөөкөр” катары мамиле жасап, катуу талап коюп, текеберчилик кылып, “көк союл сынчы” дегенге чейин барган. Сыягы жазуучу адабиятта жолу болбогонун, өзүнүн ортозаар деңгээлден өйдө көтөрүлө албаганы үчүн сынчыны күнөөлүү деп эсептеген окшойт. Ш.Абдыраманов полемика жүргүзүүнүн маданиятын сактабай, этикалык эрежелерге сыйбаган жорукту баштап, адабиятка жеке мамилесин аралаштырып, жек көргөн сынчысынан өч алуу, кылбаган санатты кылып, көксөсүн кандыруу максатында аны жазага тартуу талабы адабият тарыхындагы өзүнчө бир “кубулуш” катары иликтөөгө арзыйт. Ага К.Укаев “Кекчилдиктин кесели” (“КМ”23.03.1989) деген макаласы менен жооп берген. Аны “КМнын” редакциясы сынчынын көзү өткөндөн кийин жарыялаган. Жазуучунун эмоциясын тыя албай, буркан-шаркан түшүп жазган макаласына сынчы “Жазуучулук этиканы, сыпайылыкты аттап, качандыр бир убакта өзүнө кайчы пикир айтканы үчүн сынчыны жазалоону талап кылуу – бул бери калганда адабий сабатсыздык” деп сыпаалык менен жооп берген. Эң негизгиси, сынчы “Тээ 60-жылдары, мындан жыйырма жыл мурун мен Абдырамановдун “Ала-Тоо” журналына жарыяланган “Дыйкандар” романында орун алган идеялык –көркөмдүк жаатындагы айрым үзгүлтүктөр жөнүндө сын пикиримди жазгам” (“КМ”23.03.1989) деп ал макалага өзүнүн авторлугун, аны өзү жазганын дагы бир жолу баса белгилеп, тастыктаган. Ушундан кийин К.Укаевдин макалага авторлугу жөнүндө маселеге чекит коюлган. Бирок, аны А.Муратов Чубактын кунундай чубалган иш кылып, кайра козгоп, талкууга айландырган. Себеби, бул ыкма – софизм. А.Муратов сөздүн төркүнүн башкага буруп, жазуучунун чыгармаларынын көркөм-эстетикасы, сюжет, образ, конфликт, жанр, идея сыяктуу уңгулуу маселелердин чечилишин талкуулоонун ордуна жайдак жерден талаш чыгарып отурат. А.Муратов андай эле полемикага чыккысы келсе, Ш.Абдырамановдун романдарындагы кемчиликтер боюнча олуттуу дооматтар коюлган К.Асаналиевдин “Көнүмүштүн күчү” деп аталган программалуу макаласында “Дыйкандар” романы тууралуу айтылган курч сынга жооп бербейби? “Автор курч драматикалык чыгарма жазуу максатын көздөп, кандай болсо да сюжеттин бир четине өтө күчтүү, атактуу адамды, экинчи четине айыл турмушун аз билген, жадагалса алсыз, оорулуу адамды коюп, ушул экөөнүн ортосунан конфликт чыгарууну схемалаштырган...

(Уландысы бар)


Аскар МЕДЕТОВ, филология илимдеринин кандидаты
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер