Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Мурзахалилов: “Диний бирикмелер өздөрүнүн социалдык жана кайрымдуулук иштери менен гана алектенип жатышат”

Канатбек Мурзахалилов: “Диний бирикмелер өздөрүнүн социалдык жана кайрымдуулук иштери менен гана алектенип жатышат”

12-ноябрь, 12:00
934 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Канат мырза, азыркы диний кырдаалга кандай баа бересиз?

-- Учурда өлкөдөгү диний кырдаал туруктуу абалда десек болот. Бардык расмий түрдө эсептик каттоодон өткөн диний бирикмелер, аларга тийешелүү болгон диний объектилер өздөрүнүн ритаулдык, социалдык жана кайрымдуулук иштери менен гана алек болуп жатышат. Эч кандай кескин түрдөгү олуттуу бир терс көрүнүштөр жок. Айрым бир “тыюу салынган экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү күч органдары тарабынан кармалды” деген кабардан башка олуттуу бир өзгөрүүлөр жок. Учурда туруктуу диний кырдаалды мындан ары улап кетүү үчүн тийешелүү мамлекеттик органдар диний чөйрөгө тийешелүү болгон мыйзамдарга, башкы укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү-толуктоолордун үстүндө тез арада иштеп, аны кабыл алдырууну улантышы керек. Диний чөйрөнү жөнгө салуу боюнча үчүнчү концепция иштеп жатат. Анын алкагында дагы иш-чараларды жүргүзүп, диний чөйрөдөгү ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча да түшүндүрүү, профилактикалык иштерди мамлекеттик органдар диний уюмдар менен тынымсыз жүргүзүүсү абзел.

-- Жогорку Кеңеште “Таблиги жамаат” диний кыймылын колдогон депутаттар болду. Адис катары буга көз карашыңыз кандай?

-- “Таблиги жамаат” кыймылынын айланасында коомдо бир кылка эмес, түрдүү пикирлер көп жылдардан бери айтылып келет. Бул кыймыл өзү саясаттан тышкары, социалдык кыймыл болуп эсептелет. Жогорку Кеңеште маселе көтөргөн депутаттардын айрым бирөөлөрү дагы “кошуна өлкөлөрдө бул кыймылдын ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, экстремисттик-террористтик катары аташкан” дегенди жүйө келтиришүүдө. Бирок, ошол эле учурда демократиянын чордонубуз деген Америка Кошмо Штаттарында, Европанын башка өлкөлөрүндө дагы “Таблиги жамаат” кыймылына тыюу салуу, же анын ишмердүүлүгүн чектөө жок. Бүгүнкү күндө биздин Борбор Азия чөлкөмүндөгү диний абал ар бир өлкөнүн өзүнүн ички өзгөчөлүктөрү менен мүнөздөлөт. “Таблиги жамаат” кыймылына тыюу салуу керек” деген маселе бүгүн күн тартибинде турбашы керек. Себеби, бул кыймылдын оң жактары да көп. Социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө, ошол эле аракечтиктин алдын алууда, коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюуда дагы кыймылдын мүчөлөрүнүн ролун баса белгилеп кетсе болот. Ошол эле учурда 2000-жылдардын башында орун алган алардын кийген кийимдерине, даават жүргүзүү ыкмаларына болгон сындар дагы бул кыймылдын мүчөлөрү тарабынан туура кабыл алынып, алардын иштери бүгүнкү күндө тартипке келип, иретке түшүп калды. Ушул аспектте мындан ары дагы булар ишин улантышы керек. Бирок, булардын бүткүл кыймыл-аракети тийешелүү мамлекеттик, күч органдарынын көзөмөлүндө болуусу зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер