Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Зулпукаров: “Элибиз татыктуу жашаган социалдык мамлекетти курабыз»

Төрөбай Зулпукаров: “Элибиз татыктуу жашаган социалдык мамлекетти курабыз»

17-сентябрь, 15:42
1 367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясый партиясынын үгүт кербени уланууда. Бүгүн, 17 - сентябрда партия лидерлери жана талапкерлер Ош облусунун Ноокат районунун борборунда Ноокат, Кара-Суу, Араван райондорунун шайлоочулары менен жолугушту. 

Ноокат районунан талапкер, партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпакаров жолугушууну ѳзү ачып, партияны түзүлүшү тууралуу кыскача айтып өттү. “29 жыл эгемендүүлүк тарыхыбызда эмнелер баштан өттү? Келечекти ойлонуп, жаңы партия түзүүнү чечтик. Биздин партиянын атын атаганда, анын башында турган бир эле адамдын элеси болбошу керек, партиянын лидери дайым алмашып турушу шарт, алар ар бир региондон болушу зарыл. “Биримдиктин” катарында жети дубандан күчтүү жигиттер чогулду, алар учурунда министр, депутат болгондор, жаңы жүздөр, тажрыйбалуу саясатчылар”, - деди ал. 

Т.Зулпукаров партиянын программасына токтолуп, буларды айтты: “Программабызды иштеп чыгууда, буга чейин жетишпеген, күчүбүз жетпей калган жактарыбызды талдап, негизги багыттыбызды, максатыбызды аныктап, элге түшүнүктүү болуш үчүн жөнөкөй тил менен жаздык. Программанын негизиги өзөгүндө Кыргызстандын ар бир жараны турат. Биз, канткенде алардын жашоо турмушун жакшырта алабыз (?) деген суроону койдук. "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо саясый партиясынын максаты, Кыргыз Республикасынын баардык жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо болуп саналат. Биздин саясаттын ѳзѳгүн социалдык адилетүүлүк принциби түзѳт. “Биримдик” партиясынын башкы максаты жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылган, социалдык мамлекетти куруу болуп саналат”. 

Талапкер андан ары партиянын багыты тууралуу буларды кошумчалады: “Евразиялык тандоо бул биздин басып өткөн тарых. Учурунда евразиялык тандоону эңсеп, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов евразиялык интеграция келечектин тандоосуна көңүл бурган” деди. Зулпукаровдун айтымында, “Биримдик” партиясы куру убадаларды бербейт. “Ушуну жасап берем, добуш бергиле” деп айтпайбыз, биз буга чейин жасаган иштерибизди айтабыз. Мен тууралуу ноокаттык туугандарым баарын билет. Менин бир да сотых жерим жок, дүкөн куруп, ресторан, кафе салган жокмун. Биз мектеп, жол, бала бакча салдык. Суу чыгардык. Мени бир эле кокту-колоттун патриоту кылбай жалпы Кыргызстандын патриоту кылып сиздер тарбияладыңыздар. Ноокатымды кандай сүйсөм – жалпы Кыргызстанды ошондөй сүйөм, мени ата-журтум ошентип тарбиялаган”, - деди Т. Зулпукаров.


Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер