Акыркы кабарлар
» Коом » Азиз Турсунбаев коронавируска кабылып, оор учурду баштан кечирди
Азиз Турсунбаев коронавируска кабылып, оор учурду баштан кечирди
30-октябрь, 19:27

Депутат Азиз Турсунбаев коронавирус илдетине жана эки тараптуу пневмонияга кабылып, бир айга жакын дарыланып, оор учурду баштан кечирди. Ушу тапта ден соолугун калыбына келтирүү аракетин көрүүдө.
Эске салсак, Ала-Бука, Чаткал аймагынан Азиз Турсунбаев 4-октябрдагы шайлоодо 10 миң добуш алып, “Кыргызстан” партиясына бел болуп, элдин колдоосуна арзыган. Аталган райондон алдыңкы орунга чыкканы маалымдалды.
Эң башкысы, ден соолук! Сакайып кетиңиз, Азиз Атакозуевич! Алдыда дагы далай саясый күрөштөр бар...
Aryba.kg