Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүтө элек үйлөрдүн сертификаттары менен Нургалы Асаналиев манасчыларды алдап кетпейби?

Бүтө элек үйлөрдүн сертификаттары менен Нургалы Асаналиев манасчыларды алдап кетпейби?

08-сентябрь, 13:31
397 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы жылдары капсула салуу, фундамент куюу, жол баштоо, курулуш иштери ж.б. саамалыктарды пиар кылуу күчөдү. Бирок натыйжалуу бүткөндөрүн көрө элекпиз. Ташталып калгандары чыгууда. Бул жагынан көйгөйлөр арбын. Бирин-экин мисалга токтололу. Жакындан бери Нургалы Асаналиев аттуу ишкер чыга калып, курулуш иштерин көрсөтүп, интернат салып атканын шардана кылды. Жыйынтыгында балдарга арналса, бүтсө кол чабалы. Дагы бир кызыгы, Нургалы Асаналиев топ манасчыны чогултуп алып, ар бирине квартиранын сертификатын тапшырганы чуулдап, кыйла талкуу жаратты. Ушундай бүдөмүк көрүнүштөр курулушчулар ичинде адатка айланып кеткен. Сертификатын убада менен урдуруп, кубантып коюшат. Анан кардарлар жылдап баягы берилген квартираларды ала алышпай, самсаалап жүрүшкөндөрү канча? Мындай “өнөрлөрүн” KG Групптун ээси Имамидин Ташов да далай көрсөтүп, талаштан башы чыкпай жүргөнүн кантебиз? Бир эсе Нургалыга ишенип, үмүт кылалы дешсе, анын “Алдамчылыкка” ж.б. кылмыш иштерине бир канча ирет айыпталып, камалып чыкканы эмнени билдирет? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дечү эле. Бара көрөлү... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер