Нуркан Койчуманова: “Деструктивдүү күчтөр жүздөрүн жаап алышып, коопсуздукка шек келтириши мүмкүн”


КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер айым менен азыноолак маек.
-- Нуркан эже, коомдук жайларда никаб кийгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү менен дагы деле оронуп алышууда. Аларга кимдер айтса ынанымдуу болот деп ойлойсуз?
-- Мамлекеттин коопсуздугу үчүн диний экстремизмге каршы көзөмөл сөзсүз керек. Ал эми никаб кийген аялдарга карата түшүндүрүү иштерин укук коргоо органдары казыяттын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүзүшү зарыл. Анткени, ошол аялдардын күйөөлөрү мечитке барышат, аларга ошол жактан айтылып, дин саясатына тийешелүү мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү керек. Бул маселеде казыяттын чечимдери өтүмдүү болот. Ал эми көчөдөн никабчан аялдарды кармап алып, милиция кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери кайра абалды курчутуп, түшүнбөстүктүн айынан ич ара тирешүүнү пайда кылышы мүмкүн.
-- “Жүзүн жапкандарга мыйзам чыгаргандар жамбашын көрсөтүп жүргөндөргө да тыюу салышсын” деген пикирлер айтыла баштады. Бул боюнча кандай ойдосуз?
-- Бул аракеттер биринчи кезекте өлкөнүн, элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чаралардын бири болуп эсептелет. Анткени, деструктивдүү күчтөр жүздөрүн жаап алышып, элдин тынчтыгына, коопсуздукка шек келтирген ар кандай иш-аракеттерди жасашы мүмкүн.
Кандайдыр бир деңгээлде айтылып жаткан сөздөр да бир жагынан туура. Мамлекетибиз үчүн жат көрүнүшкө каршы жүрүш-туруш, кийинүү маданиятына мыйзам кабыл алуу учурдун талабы болуп калды окшойт. Антпесе Батышты туурап, чектен ашып бараткандар да бар. Анын далили катары аялдардын кийимин кийген гейлердин парады деле болуп өттү го...
"Азия Ньюс" гезити











