Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Сталиндин кыргыз тилине болгон аяр мамилесин Кулатов эскерди эле...”

Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Сталиндин кыргыз тилине болгон аяр мамилесин Кулатов эскерди эле...”

12-июнь, 09:00
596 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ара-чолодо Келдибек байке менен телефон аркылуу байланышып турабыз. Бу жолу Төрөбай Кулатов менен Кара-Кужур жергесиндеги концерттен кийинки эл менен баарлашуусун сурадым. Анткени, Кулатов кадимки эле Сталиндин алдында “Невеста богатырь Семетей!” деген үч сөздү айткан жери кызыктуу эле...

-- Келдибек байке, Кулатов менен Кара-Кужурда кантип кездешип жүрөсүз?

-- Өткөн кылым, 70-жылдарынын орто чени, май айынын аягы. Филармониянын көркөм жетекчиси Даниэл Назарматов шашылыш баарыбызды чогултту. “Таң азандан Кара-Кужурга жөнөйсүңөр. Ал жерге Төрөбай Кулатов барат экен. Чогулуштан кийин концерт бересиңер” деди. Ошентип таңкы үчтө шопурубуз Сатар байке ар бирибизди үймө-үй кыдырып, жөнөп калдык. Кара-Кужурга саат 11ден бир аз өтүп жетсек, эл чогулуп калыптыр. Тээ этекте МИ-8 маркасындагы тик учак (вертолёт) конуп турат. Чогулуш башталып Кулатов аксакал отурган эле жеринде (анткени, эки тизеси ооруп жүргөн экен, иттин терисинен ороп койгондуктан) эле сүйлөдү. Жыйналыш, концерт да бүттү. 

-- Кечиресиз, Төрөбай аксакал менен Назарматовдун тууганча байланышы болсо керек эле?

-- Төрөбай аксакалдын кызын алыптыр. Улуу күйөө баласы экен. Аны да биз бир канча жылдан кийин угуп, билип калдык. 

-- Концерттен кийин эмне болду?

-- Кулатов аксакал менен бирге тамактандык. Аябай жайдары, салмак менен күлдүрүп сүйлөгөн адамдай көрүндү. Биз азыр өзүбүздүн эне тилибиз жөнүндө талашып-тартышып, болбогон бир нерселерди былжырап атпайбызбы. Ошондо Төрөбай аксакалдын тил жөнүндө айткан кептери азыр, мындан 50 жылча мурунку кез, Кара-Кужурдагы болгон окуя эсиме түшүп атпайбы.

-- Келдибек байке, аябай кызык болсо керек?

-- Кулатов аксакал алыстан кепти баштады: “1939-жылы Москва шаарында кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасы болуп калды. Биз ал декадага аябай даярданганбыз. Чыгармачыл адамдардын чоң концерти, андан сырткары белдүү опералардан “Айчүрөк”, “Ажал ордунда”, “Алтын кыз” ж.б. бар эле. Алгач “Айчүрөк” операсы коюлду. Зал толо эл, бир да орундук бош эмес. Ортолорунда жана чет жерлеринде да көрүүчүлөр каз-катар турушат. Бир убакта эл “дуу” тура калышты. Көрсө, ложага Сталин, Молотов баштаган КПССтин саясый бюро мүчөлөрү кирип келишип, болбоду дегенде үч-төрт мүнөт кол чабуулардан кийин отурушту. 1-катчыбыз Вагов Алексей Власович жана мен эң алдыңкы катардагы отургучта элек. Бир жигит келип, экөөбүздү Сталин чакырып атканын айтып, ложага ээрчитип келди. Баргыча эле көк желкеден кеткен муздак тер үч кошконго куюлду. Буттар калтырайт. Барганда учураштыкпы, же жөн эле баш ийкештикпи, Кудай акы эсимде жок. Сталин мени оң кол жагына, сол тарабына Ваговду отургузду. Ишенсеңер, Иосиф Виссарионовичтин жүзүн тике карай албай койдум. Оюн башталды. Бир маалда ак куу болуп кубулган Айчүрөк Семетейдин шумкарын алып качканда Сталин мен жакка башын бурду. “Товарищ Кулатов, что случилось?” десе болобу! Менин тилим баягы шахтанын орус тили да. Эмне деп жооп береримди билбей, тамтаңдадым. “Невеста... Богатырь... Семетей!..” деп үч сөздү араң айттым. Кыраакы киши менин абалымды түшүндү окшойт, уурутунан жылмайып койду. Оюн бүткүчө санааркап, “башка суроо бербесе экен” деп аттым. Кудай жалгап бербеди. Ошентип оюн аяктады. Сталин өзү баш болуп биздин артисттерге эки-үч мүнөттөн ашык кол чапты. Шарт боюнча ары жакта атайын даярдалган чайыбыз бар эле. Баардыгын отургузуп, Сталинди күтүп калдык. Көпкө күттүрбөдү. Кирип келгенде баарыбыз ордубуздан тура калдык. Колу менен жаңсап “отургула” деген ишаратын кылды. Өзү болсо көнүмүш адатка айланган тамекисин тутантып, эки-үч жолу соруп, канжасын оң колуна кармап алып, отурган адамдарды эки айланды да, Ваговдун жанына келди. “Товарищ Вагов, ушундай керемет чыгарманы жараткан элдин тилин канчалык деңгээлде билесиз?” деди. Ал ордунан тура калып “приблизительно 30% знаю” десе болобу! Жанын жеген Вагов 30 пайызды кой, 1% да билбейт эле. Ошондо Сталин Ваговду акшыя бир карап алды да “мало, очень мало товарищ Вагов!” деди. Ошентип декадабыз ийгиликтүү өттү. Элибизге келерибиз менен Вагов атайын бюро чакырып, орус тилдүү жетекчилер жумуштан кийин 2 саат кыргыз тилин үйрөнүү боюнча чечим кабыл алды. Сталиндин оозунан чыккан бир сөзү канчалык маанилүү экенин ошондо билдим!” деди Төрөбай Кулатов аксакалыбыз. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер