Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ахматбек Келдибеков: “Президенттин аппаратындагылар жазалансын!”

Ахматбек Келдибеков: “Президенттин аппаратындагылар жазалансын!”

26-июнь, 00:13
892 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ахматбек мырза, президент Сооронбай Жээнбековдун Москвага болгон сапарында айланасындагы ат кошчуларынын арасынан аты жаман ылаң чыгып, ажобуз күтүлгөн аскердик парадка катыша албай, бул жагы коомчулукта сынга алынып, алтургай дүйнөлүк алкакта да кызуу сөзгө алынууда. Сиз бул көрүнүштү кандай кабыл алдыңыз? 

-- Бул Ата Мекендик дүйнѳлүк экинчи согушта Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанып, алардын ичинен 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон. Ошондой эле Берлинге туу сайган жоокерлердин бири кыргыз элинин уулу экени тарых барактарында жазылуу. Бул күнү биздин аталарыбыздын нар кѳтѳргүс эмгеги, биздин мекен үчүн жанын аябай каза тапкан агаларыбыздын эрдиги дүйнѳгѳ дагы бир ирет даңктала турган күн. Бул күн кыргыз эли үчүн жѳн гана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы эмес, бул күн эскерүү күнү жана алардын эрдиги менен урпактары сыймыктанып, аларды даңктай турган күн.

Ал эми Кыргызстандын президенти аскердик парадка катыша албай калгандыгы бул команданын шалаакылыгы. Буга жол бергендер ким болбосун тийешелүү жазасын алышы керек. Ошондой эле биздин делегациянын курамынын жана биринчи кезекте ѳлкѳ башчысынын ден соолугу үчүн керт башы менен жооп бере турган бул саламаттыкты сактоо министри. Ал эми ушул иштердин, эл аралык мааниге ээ сапардын уюштуруучусу жана жоопкери бул президенттин аппараты. Бир нече ѳлкѳ башчылары чогулган, дүйнѳ кѳз салып турган жолугушууга жоопкерчиликсиз мамиле кылган аткаминерлер ал кандай баалуу же кесипкѳй адис болбосун жоопкерчиликке тартылып, кызматтан кетүүсү керек. Анткени, алар бир гана Кыргыз Республикасынын президенттин эмес, бүтүндѳй ѳлкѳнүн, жалпы журттун, бүткүл кыргыз элинин шаабайын суутуп, кадыр-баркына доо кетирди. Мындайга жол берүүгѳ болбойт жана бул нерсеге жол бергендерди жазасыз калтырууга мүмкүн эмес! Анткени, бул нерсе мамлекеттүүлүккѳ доо кетирет. 

Ар бир ѳлкѳнүн президентти ѳз мамлекеттинин жүзү катары бааланып, ѳз элинин кадыр-баркын кѳтѳрүп жүрѳт. Ошондуктан, бул нерсени кокустук катары баалоого болбойт! Анткени, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата эл аралык маанидеги иш чара ѳтѳрү жана бул иш чарага президент дагы чакырылары эки ай мурун белгилүү болгон. Бул президентти коштоп барган делегация мүчѳлѳрүнүн ар биринин саламаттыгын кылдат текшерүүгѳ жетишерлик убакыт болчу. Ошондуктан, президентти коштоп барган делегациянын вирус аныкталган мүчѳлѳрүнүн саламаттыгын караган кайсы оорукана же клиника болбосун анын башкы дарыгери иштен кетүүсү кажет. Анткени, ар бир мамлекеттик кызматкер ѳз милдетин жана ага жүктѳлгѳн жоопкерчилигин сезе билүүсү абзел. 

-- Кызматтан алуу менен гана чектелебизби? Президенттик аппарат баш болгон тийиштүү органдар өлкө башчыбызга жогорудагыдай шалаакы кадамдары үчүн саясый саботаж жасашты да, туурабы?

-Албетте, алардын шалаакылыгы менен жоопкерчиликсиздиги ѳлкѳ башчысын ыңгайсыз гана абалга калтырбастан, бул кыргыз бийлигинин жоопкерчиликсиздигин, шалаакылыгын, кенебестигин айгинеледи. Бул мамлекеттүүлүккө шек келтирет!

--Айрым саясат таануучулар Жээнбековдун парадка катыша албаган соңку кадамы Россия менен болгон мамилеге көлөкө түшүргөнүн белгилешүүдө. Мындай тыянактар негиздүүбү?

-- Жок. Бул окуяга кандайдыр бир саясый боёк берүүнүн, ага башкаларды күнѳѳлѳп кереги жок. Бул президенттин аппаратынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин жана президенттин ден соолугуна жооп бере турган атайын тиешелүү мекемелердин жоопкерчиликсиз мамилеси болду. Ошон үчүн алар кандай баалуу же кесипкөй адис болбосун саясый чечим алып, кызматтан кетүүлѳрү кажет. Эгерде президентке ушундай кѳңүл кош, шалаакы мамиле жасалып жатса, анда карапайым калкка кандай мамиле болушу мүмкүн?

Маектешкен Н.Закиров

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер