Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Колукту нике түндөн кийин каза болуп калган

Колукту нике түндөн кийин каза болуп калган

01-ноябрь, 17:09
836 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка чыккан колукту биринчи нике түндөн кийин каза болгон. Бул тууралуу  AsiaOne жазып чыкты.

Маалыматта окуя Малайзияда болгон. Турмуш жолуна аттанып жатышкан 25 жаштагы Сити Сараф Исмаил менен Мохамад Амирул Акмал Мохд Азиз  23-октябрда үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Тойдон кийин жаш жубайлар эс алганы кетишкен.

Кийинки күнү колукту уктаган бойдон каза болуп калганын билишкен. Күйөөсү түнкү саат үчтө колуктусу ойготуп, башы катуу ооруп жатканын айткан. Жарым саатка жетпей башынын оорусу басылып калганын айтып, колукту кайрадан уйкуга кеткен. Эртеси колукту мемиреп уктап жатканын көрүп, бир аз эс алып алсын деген ой менен күйөө ойготпостон бөлмөдөн чыгып кеткен. Колуктунун бир орунда кыймылдабай көпкө уктаганынан чочулаган күйөө бир сааттан кийин келип колуктусунун дем алуусуз жатканын байкаган. Тез жардам кызматын чакырып, ооруканага алып барышкан. Жандандыруу бөлүмүнөн жарым сааттан ашуун аман алып калууга аракет кылышпасын, эсине келбей каза болуп калган. Ал эми дарыгерлер болсо колуктунун оң тарап мээсине кан куюлуп уюп калганынан улам каза болгон деген жыйынтык чыгарып беришкен.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер