Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарина Токтобек кызы, актриса: “Турмуштан жолум болбой калды, эми балдарым үчүн жашайын...”

Нарина Токтобек кызы, актриса: “Турмуштан жолум болбой калды, эми балдарым үчүн жашайын...”

27-август, 12:00
6 938 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Актриса Токтобек кызы Нарина маданияттын мыкты кызматкери жана Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыктардын лауреаты. Учурда Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын актрисасы. Нарина менен чыгармачылыгы, турмушу тууралуу баарлаштык.   

-- Нарина, бул театрда иштегениңе көп болдубу? Ырчылык өнөрүңө да күбө болуп жүрөбүз...

-- Бул театрда иштегениме он жылдан ашты. Мектепти бүткөн соң Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы төрт жылдык музыкалык окуу жайын бүтүргөн соң, Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтундагы театр жана кино бөлүмүндө окудум. Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалыков Акылбек Арымовичтин колунда беш жыл окуп, окуумду ийгиликтүү аяктагам. Өзүмдү театрсыз, ырсыз элестете албайм. Сахна менин жашоомдой сезилет. Ушуга чейин театрда көптөгөн мүнөздүү ролдорду ийгиликтүү жараттым. Театрдан тышкары той-топурларда ырдап жүрөм. Кудай буюрса келечекте жакшы ырларды жаздырып, ыр менен чоң сахнага чыгып, белгилүү ырчы болууну кыялданам.

-- Учурда элдин искуссвого кызуугусу кайрадан ойгоно баштагандай...

-- Элибиздин руханий деңгээли, искусствого кызыгуусу уламдан-улам күчөп, чыныгы таланттарды баалап жатышканы мени өтө кубандырууда. Бул биздин жеңишибиз. Азыр эл жасалмасыз, чыныгы, нукура таланттарды барктап калышты. Кудай буюрса мурункуга караганда театрга элдин кызыгуусу күндөн-күнгө артып баратат. Бул көрүнүш артисттерге дем, күч берүүдө. Маданияты жок эл болбойт. Биз театрда маянабыздын аздыгына карабай сүйүп, кандай кыйынчылыктар болбосун чыдап иштеп жатабыз. Азыр дагы Кудайга шүгүр, маянабыз аз болсо да көтөрүлүп, сүйүндүрүүдө. Эми өкмөт турак жайыбызга көңүл буруп, бекер беришпесе дагы маянабызга ылайыктап ипотека жагын караштырып беришсе, арманыбыз жок эле.

-- Жеке турмушуң тууралуу ой бөлүшкөнүңдү баракчаңдан көрүп калам.  Кандай аял күчтүү болот? 

-- Менин оюмча, турмуштан жаңылган, күйөөдөн жолу болбой, балдары менен жалгыз калган аял күчтүү болууга аргасыз. Эгер күйөөң чыныгы жакшы эркек болсо, ага эркелеп, анын жанында күчтүү болбой эле алсыз, назик аял болуп кылыктанып, өзүңдүн асылзаада экениңди унутпай, жолдошуңдун ийинине жөлөнүп, сүйүүнүн, жылуулуктун даамын татып жашаганга эмне жетсин?! Бирок, тилекке каршы, ар бирибизге ар кандай тагдыр буюрат экен. Кээ бир адамдар ажырашкан аялдарды “бойдок” деп жерип, жаман көрүшөт. Өзгөчө күйөлүү аялдар ооздорун чоюп, “бойдок аял” деп басынтышып, асмандын башын сүйлөшөт. А өздөрүнүн, кыздарынын эртеңки күнү, келечеги кандай болорун, аларга тагдыр алдыда эмне даярдап турганын ойлошпойт. “Э-эй, бойдок болуп калыш бат эле, “Кудай” деп жакшынакай жашай бергилечи өз жашооңор менен” деп айткым келет ошондойлорго. Жакшы эркектен аял эч качан кетпейт. Демек, ошол оозун чоюп койкоңдогондор бактылуу, демек, алардын күйөөлөрү жакшы, ошого шүгүр кылыш керек. Мен жалгыз бой эне болсом дагы, балдарымды эң негизгиси энелик мамиледен, мээримден, сүйүүдөн кем кылбай аракет кылып өстүрүп келе жатам. Балдар кичинесинде ата-энесинин сүйүүсүнө муктаж болушат, ошол нерседен өксүтпөйлү. Аялзаты күчтүү болуш үчүн чыйрак, чыдамкай, сабырдуу болуш керек. Менин турмуштан жолум болбой калса дагы, кыйналсам, ыйласам дагы, тырмалаңдап, балдарым үчүн жашашым керек, ошолорго татыктуу эне болоюн (!) деп өзүмө дем, күч берип жашап келатам. Балдарым – бул менин жашоомдун маңызы! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер