Жаңы жыл, Москва шаарында жапжалгызмын
Суук кыштын күндөрү алоолонгон махабатыбыз заматта күлгө айланды. Ага ушунчалык ишенип алганыма, берилип сүйгөнүмө ичим ачышат. Азыр курсагымдагы ымыркай төрөлөрүнө саналуу күндөр калды. Бөтөн жерде көз жарарымды эстесем, жүрөгүм опкоолжуйт. Үй-бүлөсү, чырактай болгон төрт чүрпөсү бар экенин жашырып, мени алдап жүргөн ал адамды кечире албадым. Чөгөлөдү. Кечирим сурады. Бирок, кечире албадым. Ата-энем да ыйлай-сыктай, бешенеме жазылган тагдырга макул болушту. Эчен ирет ак фата кийип, турмушка узагандан баш тарткан жаным, азыр курсагымдагы ымыркай менен Москва шаарында жапжалгызмын. Бир гана алдыдагы жашоомо шам болуп, ымыркайым улам ичимди тепкилейт. Ушул жарык дүйнөгө келе турган ымыркайдан бакыт күтүп, менин өмүрүм, менин күндөрүм, сааттарым өтүп жатат. Сыртта узак түндүн көркүн ачып, кар себелей баштады. Саналуу күндөрдөн соң жаңы жыл. Ар убак мен чыдамсыздык менен күткөн учур. Бирок, бул ирет жаралуу жүрөгүмө жаңы жыл, күтүүсүз күндөр бакыт тартуулай алаар бекен?
Мунара
"Азия Ньюс" гезити