Акбөкөн Таштанбеков: “Сентябрдан тарта парламент активдүү иштеп баштайт”
-- Акбөкөн мырза, жакында парламент жайкы эс алууга кетет. Анын бул жылдагы ишмердүүлүгүнө кандай баа берет элеңиз?
-- Парламент биринчи эле кадамдарын жасап жатат. Мүчөлөрүнүн көбү жаш балдар-кыздар. Тажрыйба акырындап, бара-бара келет деп ойлойм. Негизи, парламент мөөнөтү бүтөрүнө бир жарым жыл калганда аябай активдүү иштеп баштайт. Азыркы парламенттин биринчи жылдагы ишмердүүлүгүнө “беш” деген баа бере албайм. Бирок, өзүмө “үч плюс” деген баа коём.
-- Активдүү боло балбай жатканынын себеби эмнеде деп ойлойсуз? Биримдик жетишпей жатабы?
-- Биримдик, ынтымак чын эле керек. Удаа-удаа революция да кылдык. Ар бир революциядан кийин Кыргызстан артка кетип атты. Ошондуктан алдыга жылыш үчүн ынтымак керек. Ар бир депутаттын өз сунуштары бар. Менин деле үч-төрт сунушум бар. Ошонун арасында турак жай программасын сунуш кылып, арзан үйлөрдү жөнөкөй жарандар ала тургандай шарт түзүп берүүнү сунуштап жатам. Сентябрдан тарта парламент активдүү иштеп баштайт го деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити