Сабыр Муканбеков, саясат талдоочу: “Камчы иним президенттик шайлоого чыкса, эл катуу колдойт”

-- Сабыке, амансыңбы? Соцтармакка чыккан видеодо Турсунбек Акундун башы канжалап, элдин үрөйүн учурду го? Ал жерден сени көрдүк. Көрсө, 26-май КДКнын 35 жылдыгы турбайбы. Окуянын чоо-жайын айтып берчи?
-- Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) мааракеси болот деп атайын Ысык-Көлдөн келгем. Тилекке каршы, ошондой түшүнбөстүктөр, тымызын бут тосуулар болуп, маараке өтпөй калды. КДКнын Кыргызстандын эгемендикке жетүүдөгү, өлкөнү демократташтыруудагы ролу тууралуу айта берсек сөз жетпейт. КДК деген ошол замандагы коомдун маанайын, көйгөйүн жүрөгүнө түйүп, тоталитардык системага каршы чыгып, жалпы элдин колдоосуна ээ болгон кыймыл. Ал тарыхый фактыны көңүлгө илбөө – чекилик, пастык. Бийлик өзү уюштуруп, жакшынакай кылып өткөзүп коё турган жерде болчу. Бул эми митинг, пикет же кандайдыр бир бийликке каршы акция эмес, маараке, жолугушуу, эскерүү, той болуп аткандан кийин эмнеден чочулашты?..
Жаңы мамкатчы, президенттин эки кеңешчиси, бөлүм башчы, кызматкерлери келишти, эмне болуп атканын, ким запрет коюп атканын билбей, баштары маң болуп кетишти. Мамкатчы укук коргоо органдарына чалса, эч ким билбейт, баары эле “биз запрет кылган жокпуз” дешти дейт... Шоу концерт болду кыскасы.
Ошол жерге келген эл нааразы болуп, “бул эмне деген түркөйлүк? Бу бийлик эгемендикке жеткен соңку жаңы тарыхыбыздын барактарын ушундай баалайбы?” ж.б.у.с. катуу сөздөрдү айтып, тарап кетүүгө аргасыз болушту.
Башында “бийликке каршы сын пикирлер айтылып, нааразылык башталышы мүмкүн” деп чочулашкандан улам тыюу салышты го?” дегендер кийин “муну ким уюштурса да максатына жетти. Анткени нааразычылык, наалат президенттин атына айтылып, жаманаттысы Садыр Жапаровго кетти” дегенсиген бүтүм басымдуу болгонун байкадым. Заказчик да белгисиз бойдон калды...
-- Анан Тукенин башын ким жарды?
-- Кудай жарды!
-- Эмне, Кудайга нааразы болуп атабы?
-- Эмнеге Кудайга нааразы болмок эле? Кудайга дайыма ыраазы болуп эле жүрөт! Эми Тукең ошондой адам, тоодон таш куласа деле тандап келип Турсунбек Акундун башына тийип атканын көп эле көрдүңөр да. Анын көп акчасы, пиаршиктери, фейк-фабрикасы жок. Анан Кудай Таалам өзү ошентип өлбөгүдөй кылып “башка чаап” болсо да бекер пиар жасап берип коюп атса, кантип нааразы болот?
Келишим түзүп, акчасын төлөп койгон ресторандын деректири светти өчүртүп, эшигин ачтырбай, өзү качып жок. Кыязы, “ким буйрук бергенин айтсаң көрөсүң! Эмне кылсаң өзүң чеч, короче, болтурбайсың, барыңан айрыласың!” деп жүрөгүнүн үшүн алып коюшкан окшойт. Качып, келбей, “Кытайдамын” деп калп айтып... Анан акча элдики болсо, Турсунбек Акун келишимди көтөрүп алып, “эшикти ачкыла!” деп доолап барса, тигилер ичинен тартып ачышпай, ары-бери жулкулдатышып, айнек эшик сынып, башын, колун тилип кетиптир.
-- Кыргыз тили боюнча Жогорку Кенештеги талаш-тартыштарды угуп атсаң керек, пикир кошподуң го?
-- Менсиз да жетишип атасыңар го. Анүстүнө эч ким сурабаса... Бирок сага ырахмат, ушу сурооңо.
-- Айтчы, анда кандай дейсиң?
-- Мен албетте, “тил жок болсо эл жок болот” дегенге кошулам. А бирок... Бирок тил маселесин чечүү үчүн өздөрүн патриот көрсөтүп, жеке кызыкчылыкты алдыга коюп, ашкере пиар жасап аткандарды түшүнө албайм. Азыр айта турган көйгөй толтура, ал көйгөйлөрдү айтуу да кооптуу. Ошондуктан депутаттардын дээрлик көпчүлүгү “бийлик эмне дейт?” дешип, тилин тишине катып калтырап отурушат. Анан тил маселесине келгенде эле жамырап чыга калышты.
Албетте, тил үчүн чын дилден күйүп-бышып аткан депутат, депутат эле эмес жарандарыбыз да көп, арасында тил маселесинин геосаясый кесепетин элес албай кыйкырып аткандар да жетиштүү. Тил маселесин курчутуу коркунуч апкелерин, тилден мурун өзүбүз жок болушубуз мүмкүн экенин билсе да билмексен болуп, козутуп жүргөндөр да жок эмес. Тил маселесин, албетте, чечиш керек. Чече албасак, жогоруда айткандай, жок болорубуз талашсыз.
А биз кантип чечүүнү айта келгенде эле, негизинен тил билбегендерди дискриминация кылуу, бийлик органдарына жолотпоо тууралуу сөздөрдү угуудабыз. Бул жол менен маселе чечилбейт, коом бөлүнүп-жарылат, нааразычылык чыгат, араздашуу күч алат. Тил – бул геосаясатта да кооптуу курал. Батыш Украина менен Россияны араздаштыруусунда дагы так ушул тил маселеси негизги ролду ойногондугун эстен чыгарбаш керек.
Садыр Жапаров Россия Федерациясын стартегиялык өнөктөш катары таанып, туура саясат жүргүзүп жатканын элибиз кош колдоп колдоп турат. Региондогу тынчтыкты, коопсуздукту камсыздап турган Россия, Кытай сыяктуу коңшу ири державалар менен ишенимдүү достукту сактай алганыбыз коңшуларга эле эмес, биринчиден, биздин өзүбүзгө керек экени талашсыз. Анан ушундай кырдаалда бир туруп парламент спикери, бир туруп салтуу түрдө ургаачы жолдоштор ээлеген вице-премьерликтеги чиновнигибиз экөө кезек-кезек, маал-маалы менен орус-кыргыз мамилесин чыңалтуучу маселелерди алып чыгып кыраңдаганын түшүнбөй аткандар да көп. Бул тууралуу орус талдоочуларынын айтып-жазып аткандарын окусак: “Садыр Жапаров эмнеге тыйып койбойт, же өзү айттырып, “злой полицейский, добрый полицейский” ойнотуп, бизди келесоо көрүп атабы? Кош стандарттуулук колдонуудабы?” ж.б.у.с. сөздөр айтылып, биздин президентке көлөкө түшүп атканын көрүүдөбүз. Биз муну менен орустан коркуп, “тилибизди экинчи планга жылдыралы” деген жокпуз, “этиятсыздык менен аша чаап, тил аркылуу орус менен араздаштырууну көксөп аткандардын чырагына май тамызбайлы” дегенди айтып атабыз.
Кыргыз тилин өнүктүрүүдө биз боордош казактардын ыкмасын колдонсок туура болот деп ойлойм. Астанада жаш-карысы дебей казакча сүйлөө мода болуп калганы далил. Тилди өнүктүрүү үчүн окутуу керек, анүчүн каражат керек. Депутаттар курулай сайрай бербей, бюджеттен кенен-кесири акча бөлүү жагын карашы керек. Казакстанда миңдеген тилчилер, котормочулар үчүн мамлекеттик органдар, бала бакча, окуу жайлар, ишканалар, жеке секторлордон өйдө штаттар, окутуучу борборлор ачылган. Мына, 15-20 жылда натыйжасын көрүп атышат.
-- Эми ички маселелерге кайрыла кетели. Садыр Жапаровдун бийликке келгенине беш жыл болуп баратат, коом ичинде президенттик мөөнөт, кийинки шайлоо тууралуу ар кандай кеп-сөздөр жүрүп, күздө шайлоо жарыяланары каңкууланып, айрым талапкерлердин аттары да айтылып кетти. Кандай дейсиң, шайлоо качан болушу керек?
-- Мыйзам боюнча айтсак, азыр шайлоо тууралуу кеп кылуу эртелик кылат. Садыр Жапаров 2021-жылдын январь айында инаугурациясы болуп тактыга отурган. Ал мурунку Конституция (Атамбаевдин Башмыйзамы) менен 6 жылга шайланган. Ал мыйзам боюнча бир адам эки ирет шайланууга укугу жок. Демек, башка, жаңы адам президент болуп шайланышы керек болот. Ошондо мыйзам толук, туура сакталса, 2026-жылдын октябрь-ноябрында шайлоо өтүп, 2027-жылдын башында жаңы президент кызматын баштап, Садыр Жапаров экс-президент макамына кетиши керек. Так что, эрте дүрбөп атасыңар...
-- Болуптур, ошентип дүрбөп калдык дейли... Эми ошондой дүрбөөнүн келип чыгышы кандай себептерден улам болушу мүмкүн? Сен кандай ойлойсуң?
-- Бул эми биринчиден курулай дүрбөө же негиздүү дүрбөө болушу мүмкүн. Курулай дүрбөө болсо шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт, Садыр Жапаров бир мөөнөт – 6 жыл иштеп, 2027-жылдын январында кийинки президентке кызматын өткөрүп берет. Анда бул – “быйыл кеч күздө шайлоо болбойт” деген сөз. А эгер болбой эле быйыл күздө шайлоо болуп кетсе, анда ал “кезексиз шайлоо” болуп эсептелет. Кезексиз шайлоолор негизинен саясый кырдаал, талап, кызыкчылыктардан улам жаралат. Эгер андай болуп калса, анда биз азыр негиздүү дүрбөп аткан болуп калабыз.
Бизде азыр кырдаал тынч, “Садыр кетсин!” деген талап да жок. Демек, кезексиз шайлоо коюлса, ал кызыкчылыктан улам чыккан шайлоо болушу мүмкүн.
-- Кандай кызыкчылык?
-- Жөнөкөй кызыкчылык. Акаевдин, Бакиевдин кызыкчылыгы. Бийлик мөөнөтүн узартууга, экинчи мөөнөткө шайланууга аракет. Азыркы жаңы Башмыйзам (Садыр Жапаровдун Конституциясы) бир адамга 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк берет. Быйыл күзүндө Садыр Жапаров “эски мыйзам боюнча 6 жылга шайлангам, жаңы мыйзамга ылайыкташтыруу үчүн 6 жыл отурбай 5 жыл иштеп, кезексиз шайлоо өткөрүп, экинчи мөөнөткө дагы 5 жылга шайланууну чечтим” десе кандай болот? Көпчүлүк “туура эле, майли” десе, юристер “хоп” десе, шайлоого чыга бериши толук мүмкүн. Ошондо 2027-жылы кетпей, 2031-жылга чейин бийликте калса болот да, туурабы?
Мындай вариантты азыркы президент каалайбы-каалабайбы билбейбиз, бирок ошондой вариантты колдогондор жетиштүү. Ошондуктан “шайлоо-шайлоо” деген “обон” чыгып атат да.
-- Андайга каршы чыгып, жактырбагандар да бар да...
-- Албетте! Возрастной ценз деген бар да. “Мыйзам боюнча жашым өтүп баратат, президент боло албай калам” деген кандидаттар бүт каршы болот. Керек болсо бүгүн колдоп жүргөндөрдүн арасынан, өзүнүн командасынан деле далайлар чыгышы толук мүмкүн.
-- “Камчыбек Ташиев да президенттикке чыгып калышы мүмкүн” деген күбүр-шыбыр уланууда. Буга кандай дейсиң?
-- Камчы менен Садыр инимди бийликке келет деп ким ойлоду эле? “Садыр түрмөдө чирийт” деп ишенбей, башка колтукка киргендердин көбү бүгүн деле “алтын акырда”. Так что, чекеге жазса... Эки досту “чийки, акчага кызыккан, чала рэкет сымал немелер” деп эч ким бийликти ыраа көрчү эмес эле го? Көпчүлүк жаңылыптыр го... Эки дос мурунку бийликтегилердин жолуна түшпөй, элим-жерим деп кылган иштери менен элдин колдоосуна татып, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында татыктуу орунга ээ болуп, кыска мөөнөттө бышып, такшалып чыга келишти го?
Эми шайлоо болуп калса Камчы иним президенттикке чыгабы-чыкпайбы, мен биле албайт экем. Бирок чыгып калса, эл колдооруна ишенем. Азыр анын рейтинги эң жогору. Эл катуу колдойт. Өзү да татыктуу.
-- Камчыбек Ташиев “мен шайлоого чыкпайм, Садырды колдойм, экинчи мөөнөткө шайлайбыз” деп бир-эки жолу айткандай болду эле... Ал жагы кандай болот?
-- Ооба, антип айтканы бар. Бирок эми турмушта ар кандай болот... Кырдаал ошондой шартка такалышы толук мүмкүн. Садыр экөөнүн “менден кийин сен болосуң” деп шерттешкени тууралуу да сөздөрдү укканбыз... “Байлыкты бөлүшсө болот, бийликти бөлүшө албайсың” деген байыркыдан калган сөз бекерден калган эмес. Бу сөз дээрлик баардык улуттар тааныган сөз. Бийлик үчүн атасы баласынан, баласы атасынан кечкени тарыхка жык толгон. Дос, бир тууганды айтпай эле коёлу. Андыктан, все возможно...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити