Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Атамбаевди 11 жылга кескен сот өкүмү кайрадан күчүнө кирди
Атамбаевди 11 жылга кескен сот өкүмү кайрадан күчүнө кирди
19-октябрь, 12:05

Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүмдү кайра күчүнө киргизди. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев 19-октябрда кабарлады.
Анын билдиришинче, сот өкүмдү калыбына келтирүү чечимин 12-октябрда кабыл алган. Чечим адвокаттардын колуна эми тийген.
Эске салсак, Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Россияга учуп кеткен.