Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: “Эрдоганга Нобель сыйлыгы ыйгарылса калыстык болот эле”

Бекболот Талгарбеков: “Эрдоганга Нобель сыйлыгы ыйгарылса калыстык болот эле”

13-апрель, 15:03
1 158 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекболот байке, сиз менен экономика жана ички саясат боюнча маек куруп жүрөбүз. Туура көрсөңүз, тышкы саясатты да карап көрөлү... 

-- Макул. Эгемен өлкөбүз тышкы саясатта төрт этапты башынан өткөрдү. Биринчиси 1991-2005-жылдары (Акаев), экинчиси 2005-10-жылдары (Бакиев), үчүнчүсү 2010-20-жылдары (Атамбаев, Жээнбеков) жана төртүнчүсү 2020-23-жылдар (Жапаров). 

-- Анда өзүңүз күбө болгон алгачкы этаптан баштасак... 

-- Эгемендикке жаңы жеткен өлкөгө өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү, албетте, оор болгон. Бирок ал убакта туура саясат тандалганын мезгил өзү тастыктады. Кыргызстан чакан өлкө экенин так билип, тышкы саясатта таасирдүү ири мамлекеттер менен ийкемдүү мамиле түзө алган. Ошол оор жылдары бизге Түркия, Япония, Германия, АКШ, Кытай өлкөлөрүнүн жардамы зор болгонун унутпашыбыз керек. Ошондой эле Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү менен да мурдатан келаткан жакшы мамиле сакталып турду. “Ташкент келишими” деп аталган, 2002-жылы түзүлгөн, курамына Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения кирген Жамааттык Коопсуздүк Кызматташтык уюму тынчтыктын гаранты болуп келатат.

-- Экинчи этапка көз чаптыралы... 

-- Ал этапта, тилекке каршы, Кыргызстандын тышкы саясатында АКШ жана Батыш Европа өлкөлөрүнө артыкчылык берүү орун алган. Эске салсак, орус президенти Путин 2009-жылы Москвадагы жолугушууда биздин өкмөт башчыбыз Данияр Үсөновду “Россияга каршы саясат жүргүзүп жатасыңар” деп көз көрүнө күнөөлөп, жемелеген. Үсөнов каршы жүйө айта алган эмес. Соңунда, 2010-жылы 7-апрелдеги төңкөрүшкө “орустар колкабыш кылышкан” деген версия чындыкка бир топ жакын. 

-- Үчүнчү этап... 

-- Кыязы, Кремлге карыздар болуп калган Убактылуу өкмөт берки жээкке өткөн. Ал этапта АКШнын “Ганси” аскер базасы жабылды. Биздин өлкө да Евразия экономикалык уюмуна мүчө болду. Россияга газ тармагыбызды толук өткөрүп бердик. Президент Алмазбек Атамбаев Путиндин таламын талашып түрк президенти Эрдоган менен, Сооронбай Жээнбековдун таламын талашып казак президенти Назарбаев менен чатакташып, ал Кыргызстандын Түркия, Казакстан менен болгон мамилесинин бузулушуна жана биздин экономикага чоң сокку урулушуна алып келди. Демек, Кыргызстандын тышкы саясаты экинчи жана үчүнчү этаптарда бир жактуулукка басым жасап, ал экинчи тараптардын нааразычылык, жек көрүүчүлүк мамилелерин жаратып келгени да айныксыз факт. 

-- Соңку этапка өтөлү. Учурдагы бийликтин тышкы саясатын кандай баалайбыз? 

-- Президент Садыр Жапаров өткөндөн сабак алып, бир жактуу позицияга өтпөдү. Соңку эки жылда баскынчы тажик бийлигинен тышкары бир да өлкө менен мамиле бузулбады. Евразия уюмуна кирген өлкөлөр, ошондой эле Кытай, Түркия, Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүк уланып жатат. Азыркы бийликтин АКШ, Батыш Европа өлкөлөрү менен да жылуу мамиледе болууга аракет жасап келатканы да кубаттоого татыйт. 

-- Россия–Украина согуш жаңжалы ар бир өлкөнүн (арасында биздин да) позициясын так билдирүүгө аргасыз кылды го?

-- Туура айтасыз. Өткөн бир жыл тастыктагандай, кыргыз бийлиги бейтарап позицияны ээлей турганын расмий жарыялаганы туура чечим болгон. Бул чечимге, мисалы, Россия нааразы болбоду. Путин прогрессивдүү лидер, "кто не с нами, тот против нас" деген принципти карманбайт. Ал үчүн башкысы кыргыз бийлиги Россияга далысын салып, каршы жээкке бир жактуу өтүп кетпеши гана маанилүү.

Бирок, орус–украин жаңжалында туура аныктаган тышкы саясатын өлкө ичинде да жүргүзүүдө кыргыз бийлиги чабалдыгын көрсөтүп келатканы жан кейитет. Бир жылдан бери маалымат талаасында "ички согуш" тынымсыз жүрүүдө. Ашкере орусчулдар АКШ жана Батыш өлкөлөрүн "баскынчылар" деп күнөөлөшөт. Ашкере батышчылдар Россияны жектешип, президентин "Путлер" деп мазактап келишүүдө. Бийликтин реакциясы болсо нөл...

-- Кандай реакция болушу керек эле?

-- Ар бир өлкөнүн бийлиги тышкы согуш жаңжалда расмий аныктаган позициясын өзүнүн жарандары дагы кынтыксыз кармашын талап кылышы зарыл. Кыргыз бийлиги да атайын мыйзам кабыл алып, тышкы согуш боюнча жарандарга карама-каршы позицияны ээлөөгө, аны жарыялоого тыюу салып, пикир айтуу укугун парламенттин депутаттарына гана берүүсү керек болчу. Бийликке эки ооз сөз сын айтып койгондордун артынан түшүп, аларды камай бергендин ордуна тышкы согуш отуна май чачып жаткандарды жоопко тартып, беш-он жылга соттоп, ички ынтымакты бекемдеш керек. Ошондой эле орус–украин жаңжалы токтоп, ал жакта тынчтык орношуна кыргыз бийлиги да аздыр-көптүр салымын кошсо жакшы болот эле.

-- Кантип?

-- Ал согуш жаңжалы карама-каршы эки лагерди жаратып койду. Бир тарабында Россия жана Беларусь, экинчи тарабында АКШ жана Батыш Европа өлкөлөрү. Калган өлкөлөр көз салып турушат. Жалгыз Түркия гана ортомчулук иш аракеттерди көрүп, ал жаңжалды токтотууга далбас урууда. Бул иште Эрдогандын эмгеги зор. Мисалы, анын кийлигишүүсү менен “эгин келишими” долбоору ишке кирип, Украина өндүргөн эгин Африка өлкөлөрүнө ташылууда. Түрк лидеринин эмгектери татыктуу бааланып, тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн ага ушул жылы Нобель сыйлыгы ыйгарылса калыстык болор эле. Демек, кыргыз бийлиги “биз бейтарап турабыз” деп отура бербей, Эрдогандын демилгелерине колкабыш кылганы оң.

-- Тышкы саясатты жакшыртуу боюнча кандай сунуш бере аласыз?

-- Учурда башка өлкөлөр менен дипломатиялык жылуу мамиледе болсок да  өзүбүздүн экономикалык кызыкчылыкты турмушка ашырууда чабалдык кылуудабыз. Соңку 10-15 жылда Кыргызстандын ички рыногун Кытай, Россия, Беларусь, Өзбекстан өлкөлөрүнүн товарлары каптап кетти. Биз импорту 80 пайыз, ал эми экспорту 20 пайызды түзгөн экономикасы алсыз мамлекетке айланып калдык. Бул кейиштүү жагдай менен “салыкты көбөйтөбүз, анан айлык акыны жогорулатабыз” дегенден башканы билбеген азыркы өкмөттүн иши жоктой. Президент ушул абалга сын көз менен карап, күчтүү тышкы экономикалык саясатка өзгөчө көңүл бурса жакшы болмок. Эске салсак, эгемендиктин алгачкы жылында экономика катастрофа абалында болчу. Экспорт 5 пайызды, ал эми импорт 95 пайызды түзгөн. Андан соң алгач ирет экспорт-импорт катнашы 2004-жылы теңме-тең абалга жеткен. Эгер Садыр Жапаров мөөнөтүнүн соңунда Кыргызстандын экспортун 80 пайызга көтөрүп, ал эми импортун 20 пайызга түшүрсө, анда ал кыргыз эли, өлкөсү үчүн тарыхый иш жасайт эле.


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер