Бүгүн митингде Арстан Алайдын жактоочулары табалап жүрүштү


Бүгүн Бишкектин Ала-Тоо аянтында болгон тынчтык митингде айтылуу Арстан Алайдын жактоочулары да келип, "ушундай болмок" деп, бир сыйра таба кылып кетишти.
Митингдин уюштуруучулары “эч кандай “кетсин” деген сөз айтылбашы керек, тынчтык митинги тынч жолу менен өтүшү керек” деп аянтта жүргөн элди тынчтыкка чакырып жүрүштү.
Бирок, тынчтык митингге чыккандардын ичинен “студентмин” деп өзүн тааныштырган жаш кыз митингчилерди чогултуп: “Кыргыздын улуулугун тааныган бир гана адам бар – Арстан Алай!” деп айтты. Жаш кыздын сөзүн уккандар адегенде бир сыйра күлүп да жиберишти.
Ал кыз Арстан Алайды мактаганын токтоткон да жок. “Ал кишини силер азыр туура кабыл алган жоксуңар, бүгун аты аталып аткан кишинин артында да далай адамдардын аты аталат, жазында "Атамбаев камалат" деп айтсак мени жаман көрдүңөр эле, жазга чейин дагы бары өзгөрөт. Арстан Алайдын айткандары чын чыгып атат” деп элди дагы бир сыйра таң калтырды.
Aryba.kg