Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “800 сомдук жолкирени 2 миң сомго чейин көтөрүп ийип жатышат”

Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “800 сомдук жолкирени 2 миң сомго чейин көтөрүп ийип жатышат”

05-июнь, 22:19
522 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бактыбек мырза, кечээ күнү комитетте автобекеттердин абалы боюнча маселе көтөрдүңүз. Алардын абалына кандай баа бересиз?

-Өткөн жумада мен Бишкектеги батыш автобекетинин абалын өзүм жеринен барып көрүп келдим. Чыгыш автобекети мезгилдин талабына жараша курулса, батыш автбекети убактылуу деп кечээ вице-мэр Жамалбек мырза айтпадыбы. Аэропортко бараткан жолго салынып жатат, жакын арада бүтөт деди. Эгер бүтүп калчу болсо, элге жакшы шарт түзүлөт. Ал эми республика боюнча башка автобекеттер боюнча айтсам, аларды азыр жергиликтүү бийликтерге өткөрүп берүү каралууда. Мисалы, Талас шаарында Талас шаардык мэриясына, Жалал-Абадда болсо Жалал-Абад шаардык мэриясына өткөрүп берет экен. Дотацияда отурган кээ бир шаарлар бар да, акчалары жок, аларга оор болуп калат да. Ошон үчүн жогорку деңгээлде асфальттап, оңдоп, шарттарынын баарын түзүп, анан өткөрүп бергиле. Кийин да субсидиялап туруу керек деген маселени көтөрүп жатабыз. 

-Облустарга каттаган таксилер бааны каалагандай коюп алышкандары, айрыкча майрам күндөрү жолкире асмандап кеткени жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын жаратууда. Муну кантип көзөмөлдөсө болот?

-Ооба, 800 сомдук жолкирени кээде 2 миң сомго чейин көтөрүп ийип атышат. Ошондой болбош үчүн антимонополиялык жөнгө салуу кызматына тапшырма бердик. Бааларды ошолор көзөмөлдөшү керек. Алар менен биргеликте мамлекеттик автоинспекциялар, эгер жергиликтүү бийликке өтө турган болсо, автобекеттердин жетекчилери да чогуу иш алпарууга тийиш. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер