Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Профессор Болот Оторбаев методист-окумуштуулардын алдыңкы сабында

Профессор Болот Оторбаев методист-окумуштуулардын алдыңкы сабында

10-ноябрь, 19:59
680 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оторбаев Болот Капарович 1959-жылы 24-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы боюнча адис-окумуштуу. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Мыкты лектору», «Эмгек сиңирген изилдөөчүсү» наамдары, грамоталары менен сыйланган. 2012-жылдан КР «Билим берүүсүнүн мыктысы», КР президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгилеринин ээси. 2025-жылдан тарта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору.

Ал 1977-жылы Кемин районундагы Кызыл-Суу орто мектебин бүтүрүп, 1978-1980-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1981-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) кыргыз филологиясы факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн 1-курсуна студент болуп кабыл алынып, окууну 1987-жылы аяктайт. 1984-1989-жылдары Кемин районундагы Кызыл-Суу орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими. 1989-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабиятын окутуунун методикасы адистиги боюнча аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнө аспирант болуп кабыл алынган. 1996-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында «Семетей», «Сейтек» эпосторун окутуунун мазмуну жана методу» деген темада педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын ийгиликтүү коргогон.

1992-1993-окуу жылынан баштап азыркыга чейин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасында (жаңыча аталышы: профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы, практикасы) окутуучу, улук окутуучу (1998), доцент (1999), профессордун милдетин аткаруучу (2018), доцент (2022), профессор (2025) болуп иштеп келе жатат. Кафедрада окутулчу «Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы», «Мектепте көркөм чыгарманын текстин талдоонун технологиялары», «Манас» эпосун мектепте окутуунун методикасы» негизги, тандоо курстарынын лекциялык-практикалык сабактарын алып барат. Бул окуу предметтери үчүн жумушчу жана типтүү программаларын, окуу-усулдук комплекстерин, окуу куралдарын, усулдук колдонмолорун, окуу китебин түзгөн. Мындан тышкары, кафедрада ачылган магистратурада «Кыргыз адабиятын мектепте этнопедагогикалык негизде окутуу», «Кыргыз адабиятын компетенттүүлүккө негиздеп окутуу», «Кыргыз адабиятын инсанга багыттап окутуу», «Кесиптик педагогикалык баарлашуунун теориясы жана практикасы», «Кыргыз адабиятын окутуунун тарыхы жана методологиясы» предметтеринен лекциялык-практикалык сабактарды алып барууда. Квалификациялык, дипломдукмагистрдик илимий изилдөө иштерине илимий жетекчи. Акыркы жылдары кыргыз адабиятын окутуунун жаңы заманбап технологиялары боюнча кеңири изилдөө иштерин жүргүзүүдө. 2012-2013-окуу жылында улуттук университеттин кыргыз филологиясы факультетинин Манас таануу кафедрасын, 2023-2024-окуу жылында профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасын жетектеген. Учурда «Баатырдык эпосторду мектепте окутуунун илимий-методикалык негиздери» аттуу темадагы докторлук изилдөөнүн үстүндө эмгектенүүдө.

Оторбаев Болот Капаровичтин илимий-методикалык эмгектерине келсек, кандидаттык диссертациясынын материалдарынын негизинде 2003-жылы анын «Семетей» эпосун VIII класста окутуу», 2004-жылы «Сейтек» эпосун VIII класста окутуу» методикалык окуу куралдары жарык көргөн. Мында мектептердеги адабият мугалимдерине усулдук жардам иретинде башкы басым ушул эки китептин колдонмолуу бүткөрүлүшүнө коюлган. Ушундан улам «Манас» үчилтигинин бул эки бөлүмүн окутууга каралган сабак-сааттардын ар биринин материалдары толук иштелип сунушталган эле. 2007-жылы басылып чыккан «Манас» эпосун VIII класста окутуу» методикалык окуу куралын бүткөрүүдө да китептин колдонмолуулук ‒ мектеп мугалимдери, филологиялык факультеттердин студенттери үчүн теориялык жана практикалык жактан зарылдык жагы эске алынган. Белгилей кетмекчибиз, 1998-1999-окуу жылынан бери карай «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун мектепте окутулушу маселелери Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинде студенттерге деп тандалмалуу курс катары өтүлүп келген. Ал эми 2016-2017-окуу жылынан тарта «Манас» үчилтигин мектепте окутуунун методикасы» предмети жалпы курс үчүн милдеттүү түрдө өздөштүрүлүп баштаган болчу. Тилекке каршы, 2018-2019-окуу жылынан тарта бул окуу предмети факультеттин окуу планынан себепсиз эле алынып ташталып отурат.

Болот Оторбаевдин филологиялык факультеттердин студенттери жана мектептердеги кыргыз адабияты мугалимдери үчүн 2011-жылы басылып чыккан «Мектепте адабиятты интерактивдүү окутуу» аттуу окуу куралы учурдагы мектептик билим берүүдө бөтөнчө актуалдуу болуп турган окуу предмети биздин мисалыбызда, кыргыз адабияты окуу предметин интерактивдүү окутуу маселелерине арналган. Мында интерактивдүү окутуу, адабиятты окутуунун интерактивдүү усул-ыкмалары, маселелери «Манас» үчилтигинин мектепте окутулушуна байланыштуу чечмеленген эле. Окуу куралы кыргыз адабиятын интерактивдүү окутуу көйгөйүн республикада биринчилерден болуп ар тараптуу, кеңири чечмелеп бергени менен баалуу.

Болот Оторбаевдин 2013-жылы жарык көргөн «Адабиятты мектепте окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу окуу куралы учурда республикабыздын мектептик билим берүүсүндө өзгөчө маанилүү болуп таанылган окутуунун жаңы технологиялары, окуу предметин ‒ кыргыз адабияты предметин инновациялап окутуу, заманбап салттуу окутуу, адабиятты интерактивдүү окутуу, проблемалык окутуу, адабиятты предмет аралык байланышта жана интеграциялап окутуу, бүгүнкү заманбап адабият сабагы, азыркы инсанга багыттап окутуунун адепки башаты кызматташуу педагогикасы маселелерин чечмелөөгө алган. Мында студенттерди, мектеп мугалимдерин адабиятты – кыргыз адабиятын мектепте окутуунун бүгүнкү күн үчүн бөтөнчө актуалдуу маселелери менен жалпылап тааныштыруу максаты көздөлгөн.

Болот Оторбаевдин 2015-жылы 168 бет көлөмүндө колдонууга чыгарылган «Көркөм чыгарманы мектепте талдоо» аттуу монографиялык изилдөөсү филологиялык факультеттердин студенттери үчүн лекция тексттери эсебинде бүткөрүлгөнү китептин мазмунунан ачык көрүнүп турат. Бирок ал студенттер үчүн окуу куралы катары эле эмес, мектеп мугалимдери үчүн да билим көтөрүү каражаты, методикалык колдонмо катары зарыл. Себеби, мектептеги адабият мугалимдеринин басымдуу көпчүлүгү учурда чыгарманы талдаганды жарытып билбегенден улам анын сюжетин кайталоо менен гана чектелишери баарына жакшы белгилүү. Китепте көркөм чыгарманы академиялык жана мектептик талдоо, адабий туундуну көркөм окуу учурундагы талдоо, көркөм чыгарманы мектептик адабий талдоонун негиздүү маселелери, көркөм чыгарманы талдоонун жолдору, этаптары, көркөм чыгарманы мектептик талдоонун типтери, мектепте көркөм чыгармаларды тектик бөтөнчөлүктөрүнө жараша талдоо маселелери менен кенен, тереңдетип тааныштыруу максаты көздөлгөн. Мектеп программасынын алкагында айрым урунттуу чыгармалардын талданыштары да бул окуу куралында мүмкүнчүлүктүн жетишинче камтылганы ырас. Лекция тексттерин түзүүдө ЖОЖдордун окутуучуларынын, студенттеринин, ошондой эле мектеп мугалимдеринин колдонуусуна ыңгайлуу жагы эске алынган. Китеп 2024-жылы оңдолуп, 192 бет болуп такталып, толукталып, «Мектепте көркөм чыгарманы талдоонун технологиялары» деген аталышта кайрадан басылды.

Болот Оторбаевдин белдүү методист-окумуштуу катары башкы, бараандуу эмгеги болуп ЖОЖдордун филологиялык факультеттинин студенттерине, магистранттарына, мектептердеги кыргыз тили жана адабияты муугалимдерине арналып 2020-2022-жылдары 560 бет көлөмүндө басылып чыккан «Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы» эсептелинет. Баарына жакшы белгилүү, өткөн кылымдын экинчи жарымында окумуштуу-методисттер К.Иманалиев менен Б.Алымов өздөрүнүн кыргыз адабиятын окутуунун методикасы боюнча фундаменталдуу эмгектерин жарыялагандан бери 50 жылга чукул убакыт өтүптүр. Ал изилдөөлөр убагында канчалык компетенттүү, маңыздуу иштелген күндө да, методика илими бир ордунда токтоп турбайт экен. Бул убакыт аралыгында улуттук билим берүү системабызда, педагогикада, окутуу методикасында, мунун ичинде кыргыз адабиятын окутуу методикасында да бир далай фундаменталдык өзгөрүүлөр, жаңылануулар болуп өттү. Башкасын айтпаганда да, окутуудагы инновация, окутуу процессинин, окутуу усул-ыкмаларынын, амалдарынын, каражаттарынын инновацияланышы, окутуу процессин түп тамырынан демократиялаштыруу, окутуунун заманбап технологиялары, предметти окутуу процессин инсанга багыттап уюштуруу, предметти компетенттүүлүккө негиздеп окутуу, интерактивдүү окутуу, интеграциялап окутуу, мугалимдин портфолиосунун, окуу-усулдук комплекстин колдонууга киргизилиши, окутуудагы интерпретация маселеринин бүгүнкү күндө бөтөнчө актуалдуу болуп турушу жалпы эле методика, мунун ичинде кыргыз адабиятын окутуунун методикасы боюнча илимий эмгектердин, окуу китептеринин да түп тамырынан бери кайрадан жазылышын шарттаган. Окуу китеби катары иштелген бул усулдук эмгек так ушул кенемтени толтуруу максатын көздөп жазылганын белгилей кетмекчибиз. Тилчи окумуштуу, жазуучу Бейшебай Усубалиев акын Шайлообек Дүйшеев тууралуу: «Артында эч болбоду дегенде Эштеги калат» деп айткандай, Болот Оторбаевдин артында методика илиминин жаркын барактарынын бири катары эч болбоду дегенде ушул «Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы» аттуу бараандуу эмгеги калат көрүнөт.

Болот Оторбаев орто мектептер үчүн окуу китебин жазууга да жигердүүлүк менен катышып келатканын белгилей кетмекчибиз. 2004-жылы КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жаңы муундагы окуу китептерине деп жарыяланган, ачык конкурста жеңип чыккан VIII класс үчүн «Кыргыз адабияты» окуу китебин ал филология илимдеринин доктору, профессор А.Турдугулов менен биргеликте жазып бүткөргөн. Окуу китеби 2009-2010-окуу жылына карата пайдаланууга берилмек эле, кечиктирилип, андан да 400 бет көлөмү 112 бетке кыскартылып, 2013-жылы КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 40 миң нускада жарык көргөн. Окуу китеби 2014-2015-окуу жылынан тарта мектептерге милдеттүү колдонууга берилген эле. Балким, кийинки басылышы кыскартылбай, толук түрүндө чыгарылып калгысы бардыр... Окуу китебине кирген «Уламышка айланган акылман инсандардын мурастарынан», «XIX-XX кылымдардагы эл ырчыларынын чыгармачылыгы» (Калыгул, Арстанбек, Токтогул, Жеңижок, Барпы), «Түрк элдеринин мурастарынан», «Байыркы кытай поэзиясынан» бөлүмдөрүн филология илимдеринин доктору, профессор А.Турдугулов, «Кыргыз элинин байыркы жазма эстеликтери», «Кыргыз элинин оозеки көркөм чыгармачылыгы (казынасы)», «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» эпостору, «Курманбек» эпосу, «Орто кылымдардагы адабий мурастардан», «Чыгыш классикалык адабиятынан» бөлүмдөрүн педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Болот Оторбаев жазды.

Болот Оторбаевдин бүгүнкү күнгө карата акыркы эмгеги болуп Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата 192 бет көлөмүндө чыгарылган «Манас» үчилтигин мектепте интерактивдүү окутуу» окуу куралы эсептелинет. Китеп мектепте кыргыз адабияты предметин, тактап айтканда, «Манас» үчилтигинин материалдарын мектепте интерактивдүү өздөштүрүү маселелерине арналган. Бул максатта алгач интерактивдүүлүк, интерактивдүү окутуу жагдайындагы теориялык маселелер талдоого алынып, чечмеленген. Негизги бөлүм толугу менен интерактивдүү усул-каражаттардын «Манасты» окутууда колдонулуусу тууралуу маалымат берүүгө арналып, алардын ар бир түрү эпостон алынган конкреттүү мисалдар аркылуу ачыкталып келтирилет.

Жогоруда айтылгандардан байкалып тургандай, Болот Оторбаев университетте иштеген 40 жылга чукул убакыт аралыгында кыргыз адабиятын окутуунун методикасы илимине бир топ эле бараандуу салым кошууга жетишкен. Макалабызды жыйынтыктап жатып методист-окумуштуу Болот Оторбаевге узак өмүр, чың ден соолук, дагы да көптөгөн чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетели!


Бектурсун Байсабаев, профессор 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер