Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамирахан Чыныева: “Биздин мигранттардын келиши менен вирус күчөп жатат”

Дамирахан Чыныева: “Биздин мигранттардын келиши менен вирус күчөп жатат”

14-июнь, 12:10
1 074 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, жогорку категориядагы дарыгер Дамирахан Чыныева менен азыноолак маектештик. 

-- Тойлордо, тажияларда вирус жайылып, катталган адамдар азайбай жатат. Жакынкы күндөрү кандай кырдаал күтүлөт?

-- Коронавирустун күчөп жатышы биздин мигранттардын келиши менен көп болууда. Алар анализдери терс чыкканына карабай, чуу көтөрүп, “кетебиз” дешип, үйдө деле жөн отурбай туугандары менен учурашып, батага барышып, көчөлөп кетишүүдө. Кийинки күндөрү “карантин токтоду” дегенден бери туулган күндөрдү өткөрүшүп, жүздөгөн адамдар чогулуп, куран окутулуп жатат. Ошолорду коё туруу керек болчу. Азыр шаан-шөкөт көбөйгөндөн аралык сакталбай, кафелерде бир столдо жыйырмадан ашык киши отурушат. Инстаграм ж.б. соцтармактардан байкасак, чакан тойлор деле өтүп жатыптыр. Биз өзүбүздү өзүбүз коргобосок, акыры оорунун жайылышына алып келебиз. Адамдар арасында эле эмес, айрым сайттарда дагы “коронавирус жок, жөн гана акча табуунун айласы” дегендей түрдүү пикирлер жүрөт. 

Мен иштеген республикалык жугуштуу оорулар клиникасында дарыгерлерибиз карантин жарыялангандан бери үй бетин көрбөй иштеп жүрүшөт. Күндүн ысыгына карабай, тумчуктурган формаларын кийип алышып иштеп жаткан дарыгерлердин акыбалын деле ойлоп коюшса болмок. Ооругандар баштан өткөргөндөрүн, дарыгерлер дарттын таасирин айтып, көрсөтүп жатышат. Ошондо деле “мен ишенбейм” дегендерге таңмын. 

Бул убакта эң негизгиси беткап, колкапты кийип, аралыкты сакташ керек. Аралыкты сактабай кучакташып жүрүшсө, бул эч бир жакшылыкка алып келбейт. Кафелерди бекер эле ачып коюшту. Күндүз эле аралыкты сактап тамактана тургандай кылып ачышса болмок. Үйгө деле конок чакырып, каза болгон адамды акыркы сапарга узатууга да адамдар чогулуп барышууда. Ар бир адамдын өз башына келмейинче кайдыгерлик калбайт окшойт.

-- Вирустун чоңдорго, балдарга болгон таасири тууралуу да ой бөлүшсөңүз?

-- Бул дарт чоң адамдарды оор абалга алып келүүдө. Кичинелерге деле таасири ошондой. Айрыкча кыргыздар “бүгүн-эртең жакшы болот” деп ар түрдүү дарылардын башын бере беришет, же ар кайсы табыпка барышат. Бул оору чоң-кичине дебей оор, коркунучтуу. Канча деген адамдар, дарыгер окумуштуулар бул оорудан каза болуп кетишти.  

Аталган оору мутация болгон вирус. Ошон үчүн ар кандай түрлөрдө өтүүдө. Коронавирустун 38 түрү бар. Бул дартка чалдыккандар дүйнө жүзү боюнча жети миллиондон ашып кетти. Эл “сасык тумоонун эле бир түрү” деп кошкөңүл мамиле кылууда. Оор абалда алып келип, кычкылтек менен дем алганга муктаж кылып жатышат. Ошондуктан, кыргыз кыргыздыгын кылбай, убагында дарыгерге кайрылып, көзөмөлдү убагында жүргүзүү керек. Алыстан келгендер айланасына эле эмес, алыскы аймактарды да аралап, ооруну таратышууда. Бул оору билинбей эле көбөйүп кетет. Сактансаң, Кудай “сактайм” дейт. 

Эки-үч күн мурун университетке сабактарым боюнча барып келдим. Көчө толо, маршруткалар толо адамдар. Эч кандай колкап, беткабы жок. Кесепет ар бирибиздин башыбызга келип калышы ыктымал. Андыктан сактаналы!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер