Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Садыр Жапаров эл алдындагы миссиясын аткарууда”

Каныбек Осмоналиев: “Садыр Жапаров эл алдындагы миссиясын аткарууда”

02-март, 20:06
373 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы менен маек.

-- Алты президенттин жолугушуусу боюнча турдүү пикирлер айтылып, талкуулар жүрүүдө. Сизге кандай ой жаратты?

-- Президент Садыр Нургожоевич Жапаров өзүнүн эл алдындагы миссиясын аткарып, өлкөнүн стабилдүүлүгүн камсыз кылууга арналган иш-чараларды биринин артынан экинчисин жасап келүүдө. Экс-президенттерди чогултуп, пикир алмаштыруунун өзү эле чоң саясый эркти, тайманбас эрдикти талап кылат эмеспи. Президент өзүнөн көз каранды болгон чаралардын баарын көрдү. Эмки сөз ошол мурдагы журт башчыларында. Алардын ар биринин эл алдында өздөрүнө гана тийиштүү болгон мамилелери, керек болсо күнөөлөрү бар. Эми алар азыркы президентибиздин ак ниетин колдошуп, консолидацияга бара алышабы? Же үйрөнгөн адаттары козуп кетүү менен дагы деле конфронтацияга малынып туруп алышабы? Аларга азыр тарыхый "карт-бланш" берилди. Баардыгын өздөрү гана туура жолго салып кете алышат. Алар мурдагыдай саясатка кирип алып, каалаганча тайраңдаган заманды канчалык тез унутушса, өздөрүнө ошончолук жакшы болот. Алар өлкөнүн мындан аркы стабилдүүлүгүнө кандай оң шарттарды түзүүгө белсенип кирише алышат? Кеп ушунда!


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер