Азимбек Бекназаров: “Камчы Көлбаевди атып салгандай, мени да өлтүрүп коюшу мүмкүн”
-- Азимбек Анаркулович, туулган күнүңүз кут болсун! Тагдырдын буйругу менен экинчи ирет туулган күндү абакта тостуңуз. Абактагы туулган күн эмнелерди эске салды? Кантип белгиледиңиз? Туулган күнүңүздү эстеген саясатчылар, досторуңуз болдубу?
-- Рахмат, суроо салып куттуктоо айтканыңарга. Ооба, өмүрдүн бир жылын абакта өткөрүп, экинчи жылга баратам. Абакта жаткан адамда өткөн өмүрдү, жетишкен ийгиликтерди, кетирген катачылыктарды эстөөгө, анан дагы Кудай өмүр берсе, “абактан чыксам ушуларды жасайм” деп план түзгөнгө мүмкүнчүлүк көп болот. Себеби, жашоонун күнүмдүк түйшүктөрү абакта аз.
Туулган күндү белгилеген жокмун. Андай шарт жок. “Гулкада” (40 мүнөттүк таза аба жутуу) келе жатканда Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айбек Бузурманкулов жана башкалар “туулган күнүңүз менен!” деп кыйкырышканын уктум. “Кемпираадчылар” бир СИЗОнун ичинде болгонубуз менен ар кимибиз ар башка камераларда башкалар менен отурабыз. Бири-бирибиз менен көрүшпөйбүз. Ал эми сырттан Эмилбек Каптагаев, айрым курсташ, ини достор куттукташып, “передача” киргизишти. Аларга рахмат! Башка кимдер мени куттуктады, эстеди – кабарым жок.
-- Айрым “кемпирабадчылар” үй камагына чыгышты. Сиздин жашыңыз, ден соолугуңуз эмнеге эске алынбай жатат?
-- “Кемпирабадчылардын” кимиси үй камагына чыгат, кимиси СИЗОнун жертөлөсүндө кайсыл камерада отурат – баарын жеке эки дос Жапаров-Ташиев чечет. Азыр биз: Кадыров, Молдокматов, Жээнбеков, мен – төртөөбүз башка “кемпирабадчылар” жаткан 3-кабаттан жарым жертөлөгө түшүрүлүп, ар кайсы камераларда өзгөчө кайтаруудабыз. Атайын офицерлер коюлуп, өзүнчө спецназ кайтарган машина менен башкалардан бөлүнүп, сотко жеткирилебиз. Инилерим “жашымды, ден соолугумду эске алышып”, ушундай шарттарды түзүп, бекем кайтарууга алышкан. Айла жок...
-- СИЗОдо кыйноого кабылып, “каралардын” туткунунда калган жоксузбу?
-- Кыйноого кабылдык. Жаткан камеранын “стандартка” жооп бербей турганы боюнча омбудсмен, кыйноо борбору тарабынан текшерилди. Биз менен СИЗОдо отурган “каралар”, бизди кайтарган “кызылдар” да бизге түшүнүү менен мамиле кылышат.
Бир жарым айдан бери судья М.Сыдыков бизди, 12 “кемпирабадчыны” соттук териштирүүгө СИЗОдон мыйзамсыз чыгарбай, катыштырбай жатат. Бийликтин бизди “сотко алып чыкпай эле, сырттан соттоп салгыла” деген буйругун аткарышууда. Бул дагы мыйзамсыз кыйноонун, соттоонун бир түрү!
-- Өлкөдөгү жаңылыктардан кабардар болуп жатасыздарбы, же гезит, журнал кирбей, тоскоолдук жаралып жатабы?
-- Өлкөдө болуп жаткан жаңылыктар боюнча шартка жараша толук кабарым жок. Гезит, журналдар киргизилбейт. Өлкөдөгү жаңылыктарды адвокаттардан угам. “Гулкада” “кемпирабадчылар” үндөшүп учурашабыз, сотто жолугабыз. Ошондо анча-мынча жаңылыктар тууралуу сүйлөшөбүз.
-- Мурдагы камакка алынганыңыз менен азыркы камалганыңыздын камера ичинде айырмасы барбы?
-- Албетте, айырма байкалат. 2002-жылы мен Жалал-Абадда, Токтогулда ИВСте (убактылуу кармалуучу жайда) отургам. Азыр Бишкекте СИЗОдо отурам. ИВС менен СИЗОнун айырмасы абдан чоң. Мурдагы тергөөчү, прокурор, соттор жок дегенде бийликтин буйругун мыйзам менен аткарганга аракет кылышчу. Азыркылар болсо бийликтин буйругун мыйзамга карабай эле, эмне буюрса ошону аткарып жатканы ачык эле көрүнүп турат. “Мыйзам бузулуп жатат!” десең, “мыйзам эмес, мен билем!” дегендери да бар. Мисалы, соттолуучуга айыптоо токтомунун көчүрмөсүн бербөө, иштин материалдары менен толук тааныштырбоо, соттолуучуну СИЗОдон сотко алып барбоо, айыпталуучусуз сот отурумун өткөрүү, тараптардын өтүнүчтөрүн чечпөө, жабык тергөө, жабык сот жана башкалар мурда болчу эмес. Мурда соттолуучунун мыйзамдарда аныкталган укуктары кандайдыр бир деңгээлде сакталчу. Азыр Кылмыш-жазык процесстеринин жалпы таанылган принциптери биздин кылмыш иш боюнча сакталбайт. Эгерде сакталса, биз бир жылдан бери Кемпир-Абад боюнча бир жолку кафеде тынч өткөн чогулуш үчүн СИЗОдо мыйзамсыз отурбайт элек.
Бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча бир дагы далил, күбө жок. Ошон үчүн бийлик ачык сот өткөрүүдөн коркуп, “жабык сот” деген шылтоо менен бизди “сырттан соттоп” жиберүүгө аракет кылып жатат!
-- “Кемпирабадчыларга” кандай мамиле жасалып жатат? Мамлекетте сиз макул болбогон кандай окуялар орун алууда?
-- “Кемпирабадчылар” азыркы бийликтин №1 душманы болуп калды. Ошондуктан бийлик “кемпирабадчыларды” мамлекеттик машинанын күчү менен сындырууга, бөлүп-жарууга, тергөөсүз, сотсуз эле соттоп, же саясый өлүккө айлантууга аракеттенип жатышат. “Кемпирабадчылар” да бир жылдан бери өздөрүн өздөрү сынап көрүштү. Кимдин ким экенин билишти. Чоң саясый күчкө айланышты. Бийлик токуган бир кылмыш иштин алкагында эмес, жалпы мамлекеттик, улуттук деңгээлде саясый күрөштүн жаңы түрүн, сынбастыктын, туруктуулуктун түрүн башка саясатчыларга көрсөтүштү. “Кемпирабадчылардын” дээрлик көпчүлүгү бийликтен коркуп, сынган, “кускан”, кечирим сураган жок! Үн чыгарбай жатып берген жок! Себеби, алар кылмышкер, коррупционер эмес, мекенчил инсандар!
-- Акылбек Жапаровдун салык саясаты элди бийликке каршы чыгышына шарт түзбөйбү?
-- Акылбек Жапаров азыркы бийликтегилердин ичинен эң акылдуу, куусу, тажрыйбалуусу. Айрым салыктардын туура эмес экенин ал билет, түшүнөт, бирок башка аргасы жок. Анткени Кыргызстандын экономикалык системасы президенттин айланасындагы коррупционерлердин колунда. Кыргызстандагы салык саясат ЕАЭБден да көз каранды.
Кыргыз эли чыдамкай эл. Бир эле курсагы үчүн бийликке каршы чыкпайт, чыкса кадыры, намысы үчүн каршы чыгат. Жалпылап алганда, Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү эч качан элдин кызыкчылыгы үчүн иштебейт, мурда да иштеген эмес.
Кыргызстанда 30 жылдан бери президенттик үй-бүлөлүк башкаруу – бийликтин өзөгүн, түзүмүн түзөт. Акылбек иним аны мыкты өздөштүргөн эң билимдүү, тажрыйбалуу ПКАССчылардан. Ар кандай президенттин, анын жакындарынын көңүлүн алыштын түшүн жоруйт. Анын “өлбөстүгү”, акылы ушунда. Керектүү мезгилде “секирип кетишти” да билет.
-- “Камактан чыгабыз” деген ишеним күчүндөбү?
-- Камакта өлүп калгандардан же өлтүрүлгөндөрдөн башкасы эртеби-кечпи сөзсүз чыгат. Саясатчылар үчүн камактан кандай шартта чыгары өтө маанилүү. “Буюрса камактан жеңиш менен чыгабыз” деген ишеним, үмүт үзүлө элек. Себеби, бир жылдан бери ачык тергөө, ачык сот өткөрүп, кылмышкер экенибизди бийлик далилдей албай жатат. Мамлекеттик машинанын күчүнө салып, “сырттан эле соттоп салгыла” дегенге өтүштү. Бул биздин жеңиш – бийликтин жеңилгенин билдирет! Бийликтен башка Кудай, мыйзам, эл, тарых дегендер бар деген ишеним күчтүү!
-- Сыртыңардан соттоп койбойбу?
-- Сырттан соттомок тургай, Камчы Көлбаевди атып салгандай, мени да өлтүрүп коюшу мүмкүн. Бирок, аны коомчулук сот адилеттигинин чечими эмес, “эки достун” бүтүмү катары кабыл алат. Бизди антип соттогондорго да Кудай бар! Жок дегенде Кудайдан коркушаар...
Бир жылдан бери биздин күнөөбүздү тастыктоочу бир дагы далил таппай, же “саясый ишти, саясый сүйлөшүү жолу менен тынч бүтүрөлү” десек, ага да көнбөй, аргасы кеткенде жабык сот аркылуу, сырттан соттоп салуу жолуна түшүштү. Жөн эле мыйзамсыз камап, кыйноого салбай, мамлекеттик деңгээлде менин үстүмдөн ушак-айың, эски фейктерди, “дүжүрлөрдү” таап, сүйлөтүп келишти. Агамды, уулумду, уулумдун өкүл баласын да мен үчүн куугунтуктап, соттотушту. Дагы деле тынбай жатышканын угуп атам.
Жакында эле судья М.Сыдыков сот отурумунда ачык эле мени жамандаптыр. Бийликтин айдактама фейктери 2010-жылы 7-апрелде “Бекназаровго Жаныш Бакиевдин кара түстөгү ежедневнигин (китепче журналын) бергенбиз” деп, Атамбаевдин мезгилиндеги “кара пиарды” жаңылап чыгарышканын уктум.
Ооба, 2010-жылы 9-апрелде Акүйгө тергөө тобу менен кароо жүргүзүү учурунда Акүйдөн “бакиевчилерди” кууп чыгышкан жүздөгөн “Апрель баатырлары” тарабынан мага “Азике, ушул туу менен Бакиевдерди Акүйдөн кууп чыктык, бизге жолуккан Убактылуу өкмөттүн мүчөсү сиз болдуңуз, ушул тууну өзүңүзгө тапшырабыз! Ал эми бул ежедневникти Акүйдүн жертөлөсүндөгү СГОнун казармасынан алдык. Жаныш Бакиевдики окшойт” деп беришкен. Туу азыр да менде, үйдө сакталуу. Ал эми Жаныш Бакиевдики деген кара эски журналды ошол эле жерде “карап көргүлө, тергөөгө кереги бар фактылар болсо, ишке тиркейсиңер, болбосо жок” деп Акүйгө кароо жүргүзгөн тергөө тобуна бергем. Ал видео 7-апрель боюнча кылмыш иште деле тиркелүү. Аны эмне максатта жаңыртып жатышканы түшүнүксүз... 2010-жылы 7-апрелде Бакиевдер качканда Акүйдүн ичи чачылып, тонолгон, сейфтер сындырылган. Ошондо кала берген миллиондогон кагаз, китеп, документтердин ичинен Ж.Бакиевдин журналынын кимге кереги бар?! Андай китеп, журналдар, документтер тергөөчүлөр тарабынан миңдеп алынган, текшерилген, керектүүсү ишке буюм далил катары тиркелген. Керексизи жок кылынган. Миллиондогон акчалар дагы табылган, аны депутат Балбак Түлөбаев, чыныгы “Апрель баатырлары” жакшы билишет. Алардын баарын 7-апрелдеги окуя боюнча атайын түзүлгөн тергөө тобу мыйзам чегинде кароо, алуу, буюм далили катары табуу жана башка тергөө аракеттерин жүргүзүп, мыйзам чегинде чечим чыгарышкан. Мыйзам, тергөө эмне экенин түшүнбөгөн сабатсыз “доканцачылардын” азыркы видеоролиги арга кеткендеги кербездери го...
Ариет Бектурганов
Р.S. Бул маекте Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге карата айтылган айрым курч сын-пикирлерди кыскартууга туура келди. Азикеден кечирим сурайбыз.
"Азия Ньюс" гезити