Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Бекишов маалы менен “запойго” кетип турабы?

Акылбек Бекишов маалы менен “запойго” кетип турабы?

13-июль, 23:23
1 817 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мактаган кыз тойдо осурат” дейт. Анын сыңарындай, Ысык-Көл РИИБ начальнигине Акылбек Бекишовду дайындашканы эсибизде. Кыйын кадр катары сыпатташып. Тилекке каршы, бул эргул келгени эки-үч ирет “запойго” кеткенин айтышты, ыраспы? Байкалганы ушундай болсо, билинбей “жайлап” жүргөнүн канча дейсиз?

“Устаттан шакирт өтөт” демекчи, Акылбек Бекишов шефи Октябрь Урмамбетовдон эс алганды үйрөнгөн окшойт. Шилекей чачыратмайды. “Сыныктан башканын баары жугуштуу” деп бекер айтылбаса керек. Аргасыздан жылмаясың да. Негизинен жайында эс алуучулар, туристтер Ысык-Көл районуна арбын барышат эмеспи. Мындай шартта коомдук коопсуздукту, тартипти тыкыр, кыраакылыкта карап, профессионалдуулукту көрсөтүү абзел. Ичпей, сергек мүнөздө башкаруу зарыл. Азыртан эле Акылбек Бекишовдун артынан аңыз кептер агылып, милиция жетекчилеринин арасында талкуулар жаралууда. Жогорку деңгээлде ишмердүүлүгүн көрсөтө албаса, анда көпкө узабайт чыгар. ИИМдин ички иликтөө кызматы калыстыкта текшерүүлөрдү жүргүзсө, мындан башка да көп былыктар чыгып калышы мүмкүн. Байкап туралы.

Эске сала кетсек, Акылбек Бекишовду Ысык-Көл РИИБ начальнигине Октябрь Урмамбетов суранып жүрүп койдурганы жаңылыштык бекен? Дагы далай алешемдиктер ачыкталса керек. Аймакчы, бул РИИБни ага чейин Жумгал Абиев татыктуу жетектеп, Көлдүн үч сезонун өткөзгөн. Дээрлик кесиптештери макташып, жакшы иштегенин ушу күнгө чейин айтышууда. Жумгал Абиев Ысык-Көлдүн “Ардактуу атуулу” сыйлыгына татыган. Натыйжада, алиги “орун басар” эле аны интрига кылып жүрүп, Москва районуна котортуп жибергенине маашырланган кербезиби? “Артык кылам деп тыртык кылганыбы”? Азыркы учурда коомчулуктан эч нерсени жашыра албайсың. Кадр саясатындагы катачылыктар эки-үч айда эле оркоюп чыгып калып атпайбы.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер