Уядан учкан уул-кыздарыбызга ак жол каалайбыз!
Жылдар сызып, мезгил учуп, кечээ гана мотураңдап биринчи класска кадам таштаган уул-кыздарыбыз бүгүн канат кагып, уядан учканы турушат. Силер башка муун, башка жылдардан айырмаланып, дүйнө аралаган вирустун айынан онлайн экзамен менен чоң турмушка кадам таштаганы турасыңар.
Борборубуздагы профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин (мурунку №5 мектеп) бүтүрүүчүлөрү болуп турган уул-кыздарыбызга алгач “А” тамгасын тааныткан биринчи мугалимдери: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Роза Жаанбаева жана Назгүл Султанбаева эжейлерибизге таазим кылабыз!
Ал эми 5-класстан баштап балдарыбыздын экинчи энесине айланган кураторубуз Чоткараева Айнура Алиаскаровна! Сиз ар бир окуучуңуз үчүн санаа тартып, алардын мыкты, билимдүү адам болушуна чоң салым кошуп, канча жылдар бою билим, турмуштук тажрыйба тартуулап, ар бирине жандүйнөңүздөн орун берген окуучуларыңыз эми канат кагып мектепти аяктаганы турат. Сизге узак өмүр, чың ден соолук каалап, дагы да жүздөгөн окуучулардын жүрөгүнөн түнөк таап, берген билимиңиз муундарды агарта берүүсүнө тилектешпиз! Биз сыймыктанган Айнура эжей, бар болуңуз!
Биздин канат кагып жаткан уул-кыздарыбыз! Өзүңөр эңсеген мыкты ЖОЖдорго өтүп, биз сыймыктанган чыгаан атуулдардан болгула!
11 “М 1” классынын ата-энелери
"Азия Ньюс" гезити