Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Маданият кызматкерлери жеке бала бакчага 50 пайыздык жеңилдик алышат

Маданият кызматкерлери жеке бала бакчага 50 пайыздык жеңилдик алышат

19-декабрь, 12:31
476 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик социалдык буюртма жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизди. 

Мамлекеттик социалдык буюртма программасы Бишкек шаарын камтыйт. Мында бекитилген категориядагы үй-бүлөлөр балдарын жеке менчик бала бакчага берсе, анын жарым төлөмүн мамлекет каржылап берет. Буга чейин бул тизмеде төмөндөгү категориядагы үй-бүлөлөр кирген:

  • көп балалуу;
  • аз камсыз болгон;
  • аялы же күйөөсүнөн ажыраган, бир айлык кирешеси 12 миң сомдон кем эмес;
  • ата-энелеринин бирөөсү биринчи же экинчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген;
  • орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем эмес мамлекеттик муниципалдык кызматта иштеген үй-бүлөлөр.  

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, бул тизмеге эми жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген китепканачылар жана маданият кызматкерлери кошулат. Алар буга чейин тандалган Бишкектеги тогуз бакчага балдарын берсе, Билим берүү жана илим министрлиги ай сайын төлөмдүн тең жарымын өз мойнуна алат.

Мындан сырткары бул программа боюнча бала бакчаларга кабыл алынчу жаш курак талаптарга да өзгөртүү киргизилди. Мурда кабыл алуу 3 жаштан башталса, жаңы жобо менен 2 жаш 6 айга толгон бөбөктөр бакчаларга кабыл алынат.

Эскерте кетсек, үстүбуздөгү  жылы Билим берүү жана илим министрлиги борбор калаадагы  бала бакчалардын жетишсиздигинен улам, менчик бакчаларды ишке киргизүү тууралуу маалымдаган. Менчик бакчалардын баасы да кымбат эмес.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер