Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талас облусуна экинчи “кароолчу” бардыбы?

Талас облусуна экинчи “кароолчу” бардыбы?

11-август, 17:28
496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Аңгектен качсаң дөңгөккө...” дейт. Кыргыздар ушинтип айтат. Анын сыңарындай, Талас облусунун губернаторлугуна Эрмат Жумаев дайындалды. Ал 32 жашта экен. Өмүр баянын карасаң, жарытылуу ишмердигин байкабайсың. Караколдон көтөрүлүптүр. Бир жылдай Талас шаарынын мэри болгон. Андан аркысына үңүлсөк, мамлекеттик кызматтарда мээ кайнатып, машакатка түшүп деле иштеген эмес. 

Мурунку губернатор Нурлан Дардановдун сапатсыз кадр экенин башында эле жазганбыз. Кесиби прокурор болчу, бирөөнү айыптагандан башка эч нерсе билбесе кантсин? Бир жарым жылдай жөн эле жүрдү, аягында иштей албаганы аныкталып, кызматында кемчиликтерди кетиргени үчүн ишенимге арзыбай айдала берди... 

Чындыгында бийликте кадр саясатына карата кризис жаралганы байкалат. Билими, тажрыйбасы менен көрүнгөндөр көмүскөдө, бизнесте же чет өлкөлөргө кетип калышкан. Ал эми креслого жармашкандар “жармачтар” экени байкалууда. Маселен, Талас облусунун жаңы башкаруучусу Эрмат Жумаев элдин көйгөйүн чечүүдө ийгилик жарата алабы? Күмөндүү. Бул деле Дардановдун экинчи варианты катары артта калып, убакытты уттуруп, акырында татыксыз катары четке тебилиши мүмкүн. Эмне үчүн? Себеби, губернаторлук жогорку кызматка чейин өзүн көрсөткөн эмес. Мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу ой жүгүртүүсүн көрө албадык. Үмүтсүздүк орноду. Ошондо “кароолчу” сыяктанып отурабы? Канчага дейре?.. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер