Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Кырк беш мүнөттө бир мугалим алтымыш баланы кантип сурап үлгүрөт?”


-- Мирлан мырза, азыр эле кесиптешиңиз Дастан Бекешов мектептердеги абал боюнча олуттуу маселе көтөрдү. Бул боюнча сиз эмне айта аласыз?
-- Бул эң көйгөйлүү маселе. Бүгүн биз борбордо, башка чоң шаарларда кабат-кабат үйлөрдү салып жатабыз, бирок көп кабаттуу үйлөр кичирайон болуп түшүп жатканы менен анын мектебине жер аянты жок. Ал жерде канчалаган тургундар жашап жатышат, алардын баарынын балдары бар. Кудайга шүгүр, Кыргызстандын жарандары көбөйүп баратат күндөн күнгө. Андан тышкары, ички жана тышкы миграция болууда. Анын баардык маселелери келип мектепке такалат. Бир класста алтымыш бала окуп жатса, бир сабак 45 мүнөткө созулат. Кырк беш мүнөттө бир мугалим алтымыш баланы кантип сурап үлгүрөт? Мугалимдер, парталар жетишсиз. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Мунун себеби – жер жетишсиз. Ушуга катуу көңүл бурулушу керек да. Дастан Далабевич айткан пикирге мен дагы кошулам, имараттарды ижарага алып, бөлүп окутууга өтүш керек.
-- Анда мектептердин курулушу турак жайдын курулушуна шайкеш жүргүзүлүшү керек турбайбы?
-- Турак жай курулган жерде сөзсүз мектептин жери болуш керек да. Бизде ал нерсе эсепке алынбай жатат. Натыйжада ата-энелер балдарын ар кайсы мектептерге ташып окутканга аргасыз болушууда.
"Азия Ньюс" гезити











