Сокенин кылмыштарына Садыр Жапаров көз жумса, элдин ишениминен кетип калбайбы?

Президенттик башкаруу формасын тандап алган кыргыз эли президент Садыр Жапаровго 80% ишеним арткан менен баягы эле “чимкирик” парламенттин жетегинде жүрүшөт. Коррупция менен мафиянын уюгуна айланган “эл өкүлдөрүнө” ыраазы болуп, президентти колдоп бергени үчүн кайра-кайра рахмат айтуунун кандай кажети бар эле?
Президенттин сыпайыланып турган кичипейилдигин көргөн парламенттин шылуундары мурдатан келаткан мафиялык башкаруусун кайрадан жандантышты. Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанды коррупциялык жана мафиялык өлкөгө айлантып таштаган Соке кандай кааласа ошондой башкарып келишкен. Анын каалаганын ашыгы менен аткарып турган бир тууган иниси “чимкирик” парламенттин жардамы менен Алмазбек Атамбаевди “жайлап” беришти эле, эми болсо Садыр Жапаровду “аңга түртүү” амалдары аткарылып жатат. “Атаганат” дегендей, миңдеген коррупционерлерди кызматтан алган М.Саакашвилидей, миңдеген “гүленчилерди” түрмөгө камаган Р.Эрдогандай бекем адам болгондо, “чимкирик” парламентти чогуусу менен камамак. Кыргызстанда болсо бүт баары тескери болгондуктан, коррупциялык Конституцияны бетине кармаган “чимкирик” парламент пайдасынан зыяны көп чечимдерди кабыл алышууда. Бул жерде С.Жапаров президент катары “доминировать” эткендин ордуна “мага айтышты, Конституция боюнча ошондой экен” деп мафияга ишенип алган. Президентке жакшылык каалабаган парламент Жапаровдун тарапташтарын таркатып, өз адамдарын “пихать” этип жатканына коомчулук нааразы болууда.
Алгачкы иш сапарын Россиядан баштай турган С.Жапаров премьер-министр А.Новиковду ала барып, В.Путин менен достук мамиле түзүп келсе болмок. Бирок, Кыргызстанды талкалап келген капиталисттик Конституцияны бетине кармаган мафия өз адамын жетелеп келип, түндүк-түштүк маселесине өзгөчө көңүл бурарын, өздөрүнчө бөлүнүп-жарылып турарын дагы бир жолу көрсөтүштү. Жоктон таап келген премьер-министри Төрт-Күл суу сактагычына суу куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткенин айтып, чек ара чырын баштап койду. Мурдагы чек ара чырлары жөнөкөй жарандар арасында чыгып келсе, бул жолкусунда тажик аскерлери тартыла баштады. Премьер-министр көзүн сүзүп сигнал берип турса, тажик тарап жөн турбайт да. Анүстүнө Түркия менен Араб Эмиратынан Соке да жөн келбесе керек. “Түркияда төңкөрүш жасап коё жаздаган “гүленчилер” Кыргызстанда революция кылып, мени айдап чыгышты” десе, Ф.Гүлендин атын укканда атырылып жөнөгөн Эрдоган жардамын аябайбы? Түркиянын жардамын алган Азербайжан Армениянын айласын кетирип, Россия президенти В.Путин арачалап калбадыбы. Эми ошол эле окуялар “один к одному” болуп бизде да кайталанбаш үчүн Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жараткандар токтоосуз түрдө камалышы керек. Күн сайын колго түшүп жаткан бандиттерге караганда, парламентте отурган “галстукчан бандиттер” жүз эсе зыяндуу.
“Чимкирик” парламенттеги жүздөгөн коррупционерлердин айынан элдик революция болуп, канча адам жабыркады? Миңдеген кыргыздар коронавирустан кырылып жатканда коррупция менен мафияны “гүлдөткөн” Соке канча миллиард пайда тапты? Кыргыз элине кыянаттык кылган Соке менен “тынчтык” келишимин түзүп койгон президент Садыр Жапаров Сокенин кылмыштарын териштирип отурбайт. Анткени анын экс-президенттик макамы, кол тийбестиги сакталып, туугандары куугунтукка алынбастыгына Жапаров кепилдик берип койгон. Бирок, Кыргызстандын стабилдүүлүгүн сакташ үчүн, кыргыз элинин талабын аткарыш үчүн, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип жаткан Сооронбай Жээнбековду толгон-токой кылмыш иштери үчүн түрмөгө камаш керек. Ошондо гана митинг-пикеттерди уюштуруп, өздөрү парламентте отурушкан коррупция менен мафиянын желдери чыгып, мамлекеттүүлүккө – мыйзамдуулукка баш ийе баштайт. Сооронбай Жээнбековдун кылмыштуу бийлигине айкөлдүк мамиле кылган президент Садыр Жапаров элдин ишениминен кетип калбайбы?
Зарлык Дыйканбаев
"Азия Ньюс" гезити