Төрөхан Жунусбеков, молдо: “Өткөн шайлоодо эл менен жолукпай 12 000 добуш алгандар болду”


-- Төрөхан мырза, 25-округдан ат салышып, Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашкан көп мандаттуу шайлоо округу боюнча элдин элегинен өттүңүз. Сиздин баамыңызда бул шайлоо кандай болду?
-- Бийлик таза шайлоого шарт түзгөнү менен адатка айланган добуш сатып алуу бу сапар деле орун алды. Менин баамымда талапкерлердин көпчүлүгү добуштарды түрдүү жол менен сатып алууга аракет кылышты.
Биринчиден, өзгөргөн шайлоо мыйзамы өзү эле добуш сатып алууга ыңгайлашыптыр. Мисалы, мыйзамда көрсөтүлгөн 1000 үгүтчүнүн өзүнүн эле үй-бүлөсү добуш берсе, орто эсеп менен 5000 добуш болот. Мындан сырткары, андан да көп эсепсиз каражаттар түрдүү жолдор менен добуш сатып алууга жумшалып жатты. Ошон үчүн эл менен жолукпай, дебатка келбей туруп, 10-12 миң добуш менен шайланышты да.
-- Ошондо таза шайлоого эл даяр эмес бекен же?..
-- Бул шайлоодо талапкердин фамилиясын эмес, катар номерин эле айтып, 1000 сомдон 5000 сомго чейин берсең, көнүп калгандар чекесинен эле добуш бере берерин түшүндүм. Ага катар эл арасында акчасыз эле шайлоого келишип, жарандык милдетин түшүнүшүп, чын ниетинен добуш бергендер да бар экен. Андай ак жүрөк адамдар аз болсо да, аларды көрүп кубандым.
-- Сизде белгилүү бир добуш алуу божомолуңуз болду беле?
-- Чынында биздин үгүт иштери эң жогорку деңгээлде өттү. Дебатыбыз да жакшы чыкты. Мен өз округума колумдан келишинче программамды жеткирдим, шайлоочулардын 20-25 пайыз мени шайлап саларына ишенгем. Бирок, миң эле добуш алдым. Мен ал миң добушту эр жүрөк, келечекти ойлогон адамдар берди деп айтат элем.
-- Эмне үчүн “эл добушун сатты” деген пикирди карманып жатасыз?
-- Мен ат салышкан 25-округдан кыргызча сүйлөй албаган, бир да жолу жолугушуу жасабаган, 7-чакырылышта “Ишеним” партиясынан депутат болуп, бирок парламентте жарытылуу маселе көтөрүп сүйлөбөгөн Шабазов деген караколдук жигит 12 000 добуш алды. Дебатка келбей, программасын элге жеткирбей, бир да жолу шайлоочулар менен жолукпаган адам 12000 добуш алганы чынында эле күмөн саноону жаратты да.
-- Жаңы шайлоо системасы талапкерлерге ыңгайлуу эле болдубу?
-- Жаңы шайлоо системасы акчалууларга көбүрөөк пайда жаратты. Капчыктуулар менен күч сынашкыча, партиялык система менен мамлекеттик деңгээлде чоң программа аркылуу чыксак жакшы болмок экен. Анткени, партиялык система менен чыкканда акчасыз деле шайланып келгенге көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойм.
Айнура Мырзабекова











