Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Туманбаевдин таасиринин кеңейгени – өлкөдөгү мыйзамдын иштебегенин кабарлайт”

Адил Турдукулов: “Туманбаевдин таасиринин кеңейгени – өлкөдөгү мыйзамдын иштебегенин кабарлайт”

22-март, 22:35
373 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өлкөбүздөгү сөз эркиндигинин абалына кандай баа бересиң? 

-- Cөз эркиндиги начар абалда. Активист, саясатчы, блогерлерди камай берип, эл өзүн өзү тескеп калды. Самоцензура пайда болду. Бийликке карата сын-пикир билдирүү кооптуу болуп калды. “Эмне кылсаңар ошо кылгыла” деген көңүл кош мамиле эл арасында тарап кетти. А мындай нерсе кайдыгерликке негиз берет, мекенчил сезимди алсыратат. “Бул көпкө созулбайт го” деген ишеним менен жашап келе жатабыз.

-- Негизи эле сын-пикир айткан саясатчылар, курч калемгерлер артка чегингендей болуп, бир нерсени күтүп жатышкандай... Коомчулуктагы тыныгуу, убактылуу тариздеги бук толуунун аягы эмнеге алып барышы мүмкүн?

-- Бийлик өзү саясый оппоненттерди таанып билип, сүйлөшүп турушу керек. Анткени бул стабилдүүлүктүн негизи. Антпесе бийликтин оппоненттери жашыруун иштерди уюштуруп, толкундоолорго өтүп баштайт. Анан дагы эл чыдамы бук болуп толуп, бир күнү жарылып да кетиши мүмкүн. Ошондуктан бийлик саясый аянтчаларды уюштурууга, диалогго кызыкдар болушу шарт. 

-- “Шопурдун шопуру” делген Каныбек Туманбаев президенттин иш башкармалыгын жетектеп, кыска аралыкта таасирдүү фигурага айланды. Сыры эмнеде? 

-- “Шопурдун шопуру” деп айтып калдыңыз. Ал эмнеден айтылып келет, ошондон баштасак. Илмиянов Акүйдө таасирдүү адамдардын бири болуп турганда Туманбаев анын эң жакын адамы, ишенимдүү жардамчысы катары сыпатталып келген. Айталы, убагында Илмияновго таандык экени айтылган ON1 каналы Туманбаевге катталган. Кийин бул каналдын негизинде "Апрель ТV" түзүлгөн. Чакан чөйрөдө Илмияновдун мындан башка бир топ мүлкү Туманбаевге катталганы айтылып келген. Мындан улам эл арасында "Шопурдун шопуру" деген каймана ат да жаралган.

Туманбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен катышкан. 2017-жылкы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы болгон. Ал 2020-жылкы шайлоодо бийликчил "Биримдик" партиясынын тизмесине кирген. Ушул шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам элдик толкундоолордун натыйжасында Жээнбеков кызматтан кетип, Садыр Жапаровдун бийликке келишине жол ачылган. Ошондуктан бул ишкер саясый принцип дегенге маани бербеген, бирок бийликке кантип жагынуунун ыкмасын жакшы өздөштүргөнүн тастыктайт. 

Туманбаевдин ысымы Акүйдүн жаңы имаратынын курулушуна тийешеси бар экенине, Баткендеги үй куруулар кечеңдеп жаткандыгы боюнча, муфтияттагы айрым чатактарда да аталган. “Азаттык”, "Темиров LIVE" жана "МедиаХабдын" "Кыргыз темир жолундагы" жана жер сатуудагы коррупциялык иштердин бетин ачкан чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрүнүн каармандарынын бири болгон. Бул иликтөөлөргө карабай Туманбаев өз таасирин кеңейтип жаткандыгы биздин өлкөдө дагы деле мыйзам иштебеген, бийлик институттары чабал экенин кабарлайт. Анткени жазылган ченемдеги укуктарынан ашып, бийлик төбөлдөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн кызмат аркалайт. Мындай “киндер-сюрприздерди” биз көп эле көрүп келбедикпи. Малабаев, Ширшов, Илмиянов, Асылбек Жээнбековго окшогондорду. Бир учурда эбегейсиз күчкө ээ болуп чыга калышат, бийлик кеткенден кийин жок болушат. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер