Акыркы кабарлар
» Коом » Украинада вакцинанын эки дозасын алгандарга акча төлөнөт
Украинада вакцинанын эки дозасын алгандарга акча төлөнөт
16-ноябрь, 18:20
1 533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Украинада вакцинанын эки дозасын алган жарандарга мамлекет миң гривнядан (3200 сом) төлөп берет. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Владимир Зеленский өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.
"Программа мындайча иштейт: эки жолу вакцина алгандарга миң гривнядан төлөнөт. Ал "Дия" деген тиркеме аркылуу тез жана ыңгайлуу ишке ашат. Ал акчага спортзалга же фитнес-клубга абонемент алса болот, кинотеатрга, театрга, музейге же концертке барса болот. Же өлкөнүн ичинде саякаттоого билет сатып алса болот" деди Зеленский.
Акча 19-декабрдан тарта бериле баштайт. 2022-жылы буга Украинанын бюджетинен 228 миллион доллар бөлүнөт. Мындай программа бир нече ай иштейт. Акчаны "Дия" тиркемеси жоктор деле ала алат.