Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайнатам өпкүлөп, төшүмдү, жамбашымды кармалады...

Кайнатам өпкүлөп, төшүмдү, жамбашымды кармалады...

04-февраль, 14:08
14 968 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка сүйүп, сүйлөшүп эле чыктым, ортобузда бир балабыз бар. Бирок жолдошум экөөбүз экинчи балалуу боло албай жатабыз. Негизинен, материалдык жактан жашообуз жакшы жана өзүмдүн жумушум бар. Карапайым эле үй-бүлөнүн келинимин. Кайнатамдар менен чогуу турабыз, кайненемин мүнөзү оор, ал эми кайнатам арак ичет.
Жакында эле бир кызыктай окуяга туш болдум. Кадимки эле кайнатам, күйөөмдүн атасы мага тийишти. Анда сөз башынан болсун. 

Мен жумуштарды бүтүрүп, бөлмөмө кирип, чачымды тарап жаткам, кайнатам адаттагысындай эле кызуу болчу, кирип келди эле, мен шаша-буша тарап бүтө элек чачымды жыйыштыра калып, жоолугумду салынып туруп калдым. Ага чейин менин жаныма жай басып келип туруп калды да: “Балам коркпо, эчтеке кылбайм, ушул үй, байлыктын баары сеники болот, эмнеге төрөбөй жатасың, балам жарабай жатабы? Кел колуңду бер” деп колумду ары тартсам да ага карабай, деле өпкүлөп, төшүмдү, жамбашымды да кармалады... Сиздер айтышыңыздар мүмкүн. “Ошого чейин эле жалдырап тура бердиңби?” деп. Андайда буттарың калтырап, шилтенбей,оозуңа сөз келбей туруп калат экенсиң. “Ата, жөн туруңузчу?” деп гана түрткөнүм болбосо, башка эч нерсеге жараган жокмун... “Дагы башка сөз айтпай, башка эч нерсе кылбай чыгып кетсе экен же азыр бакырам” деп ойлонгуча кайнатам: “Эч кимге айтпа, макулбу? Айтсан уят болот!” деп чыгып кетти. Ошол жерде жүрөгүм дүкүлдөп, кысылып, калтырап калдым. Эмнеси болсо да күйөөмө баарын айтууну чечтим. Жолдошум аябай жинденип барса, кайнатам уктамыш болуп жатып алыптыр. Болгон окуяны кайненем да уккан соң абдан жаман болуп, жинденди.
Ошентип
, кайненем эртеси “ушундай кылдыңбы?” деп айтса, “калп айтат, мага жөн эле жалаа жаап атат” дептир. Аны кайненем эртең мененки чайга отурганда айтып жатпайбы. Ойлосоңуздар, мен кантип кайнатама жалаа жапмак элем? Кайненем деле билет сырын, күйөөсүнө жинденип, мага: “Болоору болду, куда, кудагыйларга, деле бир жанга ооз ачпа, унчукпай эле кой, баарыбыз шерменде болобуз” деди. Ошондон кийин бир жумадай кайнатам чайга, тамакка биз менен чогуу отурбай, бизге чейин же бизден кийин ичип алып жатты. Ошо менен үйдөн эч ким менен сүйлөшкүм келбей, бук болуп, кызыктай болуп жүрөм. Күйөөм жакшы адам, мени, ата энемди, өзүнүн ата энесин сыйлайт, ал мага эч нерсе дебеди. Бирок бир күнү ичип келип ыйлайт, “өлүп калсам болмок, кечирип кой, сени коргой албадым, ар ким өзүнө жооп берет, ар ким өз жазасын алат” деди. “Ошо менен ал өзүнө кол салабы?” деп күйөөмө таптакыр сөз кылбас болдум. Кайненем да эртең мененки чайда сөз кылган боюнча ооз ачпады.
Акырындык менен кайнатам бизге аралашып
, чогуу отуруп, тамактанып эле калдык. Айлам гана жок, чай, тамагын куюп берем, ушунчалык жек көрөм, көрөйүн деген көзүм жок. Анысы аз келгенсип, ошол окуядан кийин кайнатам экөө отуруп алып, мени жамандап жатышканын өз кулагым менен угуп, таң калып калдым, ушунчалык арамза, уятсыз, намыссыз адамдар болот экен. Кайненем менен кайнатамды көрөйүн деген көзүм жок, күндөн-күнгө жек көрүп баратам, кээде жиним келгенде ушундан көрө бычактап, өлтүрүп салгым келет. “Бөлүнүп кетели” десек, күйөөм жалгыз уул, а мен аларды кууп салмак белем? Ар кайсыны ойлонуп псих, стресс да болуп атат окшойм. Анткени андан мурун эле операция болуп, жаңы төрөлгөн балам бир аз убакыт жашап, чарчап калган. Өзүмө келе электе кайра бул окуя болуп жатпайбы! Адамдарга ишенбей калдым, баары калпычы, уятсыз, эки жүздүү көрүнөт, эч ким менен сүйлөшкүм келбейт, ишенбейм, корком...
Ушинтип илең-салаң, нерв болуп жашап жүрө берейинби, же кантсем? Күнүгө ойлоно берип, башым ооруп, урушчаак болуп, арыктап да кеттим.
Кантсем туура болот?.. 


ayal_kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер