Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » -- Эмнеге үч жарым жылдан бери өнүгө албай, жакырчылыкка батып келебиз?..

-- Эмнеге үч жарым жылдан бери өнүгө албай, жакырчылыкка батып келебиз?..

14-апрель, 17:11
680 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Бийликке сын-пикир айткандар, уюшуп пикет-митингге чыккандар кескин түрдө токтогон. Оппозиция камакта. А эмнеге анда үч жарым жылдан бери өнүгө албай, жакырчылыкка батып келебиз?..

Алиясбек Алымкулов, Эл баатыры:
-- Эң оболу ар бир мамлекеттин ички турмушу жалпысынан алганда үч чоң багыттан турат эмеспи, алар: коомдук-саясый, экономикалык жана социалдык багыт. Үч багыт бири-бирине тыгыз байланыш болгону менен ар биринин өзүнүн өнүгүү жолу бар. Өлкөдөгү коомдук кырдаал негизинен бийликтин жүргүзгөн саясатынан көз каранды болсо, экономика инвестициялык жагымдуу шарттан, мыйзамдардын так иштешинен, ишкерлердин активдүүлүгүнөн, эркиндигинен жана жеке менчиктин кол тийбестигинен болот. 
Жакырчылыктан кыска мөөнөттө (25-30 жылда) чыга алган өнүккөн өлкөлөрдү карасак, алардын мамлекеттик деңгээлде кылдат иштелип чыгып, кабыл алынган экономикалык стратегиялары, пландары болгон. Ошого жараша алар ички жана тышкы саясатын так жүргүзүшкөн. Өнүгүүгө шарт түзүүчү тийешелүү мыйзамдарды кабыл алышып, анын коомдун бардык катмарына бирдей жана так иштешин камсыз кыла алышкан. Ачык-айкындуулукту камсыз кылып, коррупцияга жол беришкен эмес. Бийлик менен коомчулуктун ортосунда түшүнүк жана кызматташуу болгон. 
Ал эми бүгүнкү биздин экономиканын абалы 2020-жылы башталган коронавирустун дүйнөлүк пандемиясынан катуу жабыркап, эми жаңыдан өзүнө келип жанданууда. Ошол пандемия кризисине карабастан бир топ жылыштар бар десем жаңылышпайм. Бирок ал жылыштар өлкөнүн ички дүң продукциясын эселеп көбөйткөнгө жетише элек. Экономикалык өнүгүүдөн биздин эң сезимтал болгон социалдык тармак көз каранды. Мамлекеттик бюджет ашыгы менен толуп, жыл сайын көбөйүп турса гана мугалимдердин, врачтардын, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын турмушу оңолот. 
Качан элдин башы биригип, ар бир жаран патриот болуп, жалпы коомчулуктун аң-сезими туура жакка өзгөргөндө гана өнүгүүгө шарт түзүлөт деп эсептейм.

Төлөгөн Келдибаев, серепчи:
-- Оппозицияны айтса эле “бийликти басып алат” же “элди митингге чакыргандар” деп түшүнбөш керек. Чынында бүгүнкү күнү коомчулукта акыл-эстүү оппозиция түптөлбөй жатат. Биринчиден, азыркы бийлик эл алдына жана журналисттерге өз учурунда көп убада берген. “КТРКны элдик телевидениеге айлантабыз. Ал жерде каалаганы чыгып, өз оюн айта алат. Сөз беребиз, эркиндик болот. Коррупциянын тамыры кыркылып, журналисттердин бийликти сындаганга жумушу жок калат. Баардыгы демократиянын негизинде болуп турат” деген. Өлкөдөгү акыркы окуялар менен бийликтин сөз эркиндигине болгон чабуулунун алгачкы кадамдары, тымызын иштери жаман жышаан ачыкка чыга баштаганын баарыбыз байкап калдык. Бийликтин камчысын чаап аткандар, ажого ашкере жакшы көрүнөм дегендер журналисттерди, активисттерди коркутуп-үркүтүп, камап, керек болсо чет мамлекетке качырууга мажбур кылышат. Алар мамлекеттеги сөз эркиндигине карата тоскоолдуктарды жаратуу менен кыргыз демократиялык өлкөсүнө доо кетирерин билиши керек.
Ал эми өлкөдө бизнеске жагымдуу маанай түзүлгөндө инвестиция келет. Азыр сырттан эмес өлкө ичиндеги ишкерлер да өлкөгө инвестиция салбай, бизнестерин сыртка чыгарып жатышат. Же бизнестерин өнүктүрбөй койду. “Аю” компаниясынын жетекчилери жана бир топ ишкерлер башка мамлекеттерге инвестиция салып кетип калышты. Ишкерлерге мындай маанай жаралганына ким күнөөлүү? Курулуш тармагы өнүгүп жаткан болчу дүркүрөп, азыр жаңы котлован казып иш баштаган компания жок. Бир жерде бийик кран менен курулуш жүргөнүн көрбөй калдык. Бул өлкө үчүн ойлоно турган маселе, канчалаган жумушчу орундар кыскарды дегенди түшүнсө болот.
"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер